Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Иракта бомба чабуулунан 11 киши өлдү


Багдаддын түндүгүндө жанкечтинин бомба чабуулунан 11 киши курман болду. Ирак бийликтери дагы 11 киши жараат алганын билдирди. Полициянын жана дарыгерлердин айтышынча, жанкечти жардыргыч заттар толтура жүктөлгөн автомобилди Багдаддан 25 чакырым түндүктөгү Тажи шаарындагы түрмөнүн кире беришинде жардырган. Чабуул абактын жумушчулары жана күзөтчүлөр жумушка бараткан тушта болгон. Жыл соңунда АКШ аскерлери Ирактан чыгып кетет деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG