Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Дурбанда климаттын өзгөрүшү талкууланат


Бүгүн Түштүк Африкада климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу чоң жыйын ачылат. Ага өкмөтүк адамдар жана табиятты коргоочулар болуп, 20 миңдей делегат катышат. Дурбан шаарындагы сүйлөшүү өндүрүштүк газдарды абага бөлүүнүн лимитин узартуудагы акыркы мүмкүнчүлүк. Азыркы лимиттин мөөнөтү келерки жылы бүтөт.

Орусия, Жапония жана Канада чоң өлкөлөр зыяндуу газдарды бөлүүнү кыскартпаса, алар жаңы милдеттенме албасын айтышууда. Кытай жана АКШ азырынча жымжырт.

Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун маалымдашынча, өндүрүштүк газдарды абага бөлүү кыскартылбса, үстүбүздөгү кылым соңуна абанын орточо температурасы 3-6 градуска көтөрүлүп, мөңгү-муздар эрип, деңиз суулары кирет.

XS
SM
MD
LG