Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Отунбаева Борбор Азиядагы саясий салтты бузду


Чет элдик эксперт, журналисттер Борбор Азиядагы алгачкы аял президент Роза Отунбаеванын ишмердигине түрдүү баасын беришет.

"Азаттык": Роза Отунбаева өз өлкөсүндө, Кыргызстанда түрдүү сын пикир, ачуу чындык, андан да ачуу оозеки чабуулга туш болуп, өйдө-төмөн сөздү сабырдуулук менен көтөрүп келатат. Мактап-жактап, “Эл баатыры” кылалы дегендер да жок эмес. Алыста туруп алып караганда кирди-чыкты эмоция азыраак болобу деген ойдон биз чет элдик эксперт, журналист, саясатчыларга микрофон сундук. Алгач Орусиядагы “Московские новости” гезитинин серепчиси, Борбор Азия саясаты боюнча таанымал эксперт Аркадий Дубновдун пикири:

- Менин айтканымды жалпы баа десек да болоттур. Роза Отунбаева - өткөөл мезгилде кыска убакыт иштеген президент болсо да, Кыргызстанда, жалпы Борбор Азияда, атүгүл бүткүл постсоветтик аймакта (Балтика боюндагы үч өлкөнү кошпогондо) өзгөчө бир ролду аткара алды. Биринчиден, ал аял. Экинчиден, кайсы бир кланга кирбеген кандайдыр бир интеллектуалдык, нравалык, ыймандуулук белгилерин көрсөтө алды. Кыргызстан үчүн өтө оор мезгилде жоопкерчиликти өзүнө алган адам болду. Өксүк жактарын айтсак, тилекке каршы, Отунбаева өлкө тарыхына “темир айым” катары кире алган жок. Кыргызстандын шартында андай болуу да мүмкүн эместир. Күчтүү, өзүнө ишенген, алчы-таасын жеген эркек саясатчылар арасында андай болуу абдан кыйын.

“Темир айым” болбой эле койгону да туура болгондур, анткени Кыргызстандын элине ошол тапта гумандуулук, мээримдүүлүк, сабырдуулук, чыдамдуулук аябай зарыл болуп турган. Кандай дегенибиз менен, Отунбаева Кыргызстанда үй бүлөсүн, жакындарын бийликке жолотпой, башкача иштесе болоорун көргөздү. Ал эле эмес, тактыда көзү өткөнчө отура бербей кетсе болоорун далилдеди. Жеке өзүм Отунбаева кызматын биротоло тапшыра электе түрмөдө отурган Азимжан Аскаровдун сот өкүмүнө ырайымдуулук кылып, аны бошотконго салым кошсо болмок деп ойлогом. Бирок ал сот иши аягына чыга электе кийлигишкен туура болбойт деп ойлоду окшойт.

Дагы бир тилегим – элге соңку ирет кайрылганда былтыркы коогалуу окуялар үчүн өзү ал кезде башкарган өкмөттүн атынан дагы бир жолу кечирим сурап койсо туура болмок деп ойлойм. Орусияда, маселен, азыркы саясатчыларда элдин астындагы жоопкерчиликти сезүү таптакыр байкалбайт. Кыргызстан көп жагынан башкаларга караганда алдыга кетти, элдин саясий аң-сезими аябагандай өстү.

"Азаттык": Роза Отунбаева – Кыргызстанда гана эмес, жалпы Борбор Азияда алгачкы аял президент болгону белгилүү. Андыктан анын мамлекеттеги башкы кызматты кандай аткарганына коңшулаш өлкөлөрдөгү аял саясатчы, журналисттер тынчсыздануу менен көз салып турушту. Ооганстан парламентинин депутаты Шөкүрия Баракзай кыргыз президенти Отунбаева жалпы чөлкөмдөгү туруктуулук, бакубат жашоого келечекте дагы салым кошо алат деп ишенет:

- Аялдардын саясий чечим кабыл алчу деңгээлге жетиши - глобалдык алкактагы өтө маанилүү көрүнүш. Ошондой эле бул өлкө жана коом үчүн дагы аялдардын ролун көтөрүүдө абдан маанилүү. Роза Отунбаева өлкө өтө кыйын кезеңде, адамдар жардамга муктаж болуп, келечек бүдөмүк кырдаалда турганда президенттикке бел байлаганы кандай татаал болгонун түшүнөм. Ал бийликке келгенде балким тийиштүү зарыл болгон колдоону алган эмес чыгаар. Бул тилекке каршы аялдар бийликке келгенде биз тарапта боло жүрчү, аялдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койгон тоскоолдук.


Мен келечекте Роза Отунбаеваны бейкуттукту жаратуучу жана коргоочу катары өтө позитивдүү өңүттө көргүм келет. Ал өз өлкөсүндө жана жалпы эле аймакта тынчтыкты, туруктуулукту камсыздай турган иштерди аткаруусун тилейм.

"Азаттык": Тажикстандык белгилүү журналист Сожида Мирзо да Кыргызстанда гана эмес, жалпы эле чөлкөмдө аял саясатчылардын жолу оңой эмес экенине көңүл бурат.

- Роза Отунбаева – Борбор Азияда калыптанган адаттан, салттан тышкаркы таптакыр башкача саясатчы. Ушул аял келип, биздеги катып калган темирдей салттарды бузуп атат десек болот. Карап көрүңүзчү, чөлкөмдөгү бардык өлкөлөрдө 20 жылдан бери бийликти басып алган кишилер олтурат. Роза Отунбаева – бийликтен кетсең өлүп калбайсың деп баарына көзгө сая көргөзүп атат. Керек болсо, Отунбаева өзүнүн саясий карьерасын Кыргызстандагы стабилдүүлүк, демократиялык өнүгүү үчүн садагага чапты. Ушул бир жыл сегиз ай эле иштеп берейин деп баарына макул болду. Эркектердин сөзү, укугу, бийлиги үстөмдүк кылган биздин коомдо аял кишиге президент, дегеле саясатчы болуу оңой эмес. Роза Отунбаева – дасыккан дипломат, элчи, ал Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеши керек деп үмүттөнөм. Кыргыз эли Отунбаеванын тажрыйбасын, мыкты сапаттарын дагы пайдаланып, таланттуу кызынын эмгегин жерге калтырбашы керек деп эсептейм.

"Азаттык": Кыргызстанга бир нече ирет барып, былтыркы коогалуу окуялар айланасында саясатчылар, карапайым эл менен баарлашып, Кыргызстан тууралуу далай макала жазган Брюс Панниер да өз оюн ортого салды.

- Мен Роза Отунбаева өтө кыйын кырдаалда өз кызматын мыкты аткара алды деп айтаар элем. Албетте, анын оң жана терс жактарын айтууга болот. Оң жагы катары – Кыргызстан эгемендик алгандан берки 20 жыл ичинде өлкө башынан кечирген өтө опурталдуу жагдайда өлкөнү сактап калды. Былтыр апрелде эл толкуп, бакиевчи, антибакиевчи болуп бөлүнүп, андан кийин Ошто улут аралык жаңжал тутанды. Ошонун баарын баштан кечирип, өлкө биримдигин коргоп калды. Оор жагдайга карабастан парламенттик, президенттик шайлоону өткөрө алды.

Эми минтип, Борбор Азияда – бийлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген алгачкы президент болуп калды. Тышкы саясаттагы бай тажрыйбасы, чет элдиктер менен кеңири карым-катнашынан пайдаланып, Кыргызстанды алдыга сүрмөлөп жүрүп отурду. Керек болсо, азыр сырткы дүйнөдө Роза Отунбаева Кыргызстандын жүзү катары таанылып калды. Терс жактарын айтсак, кыска мөөнөттө көп ишти аткаруу кыйын болсо керек. Эмнеси болсо да, Кыргызстандагы терең социалдык, экономикалык, укуктук жана башка көйгөйлөрдү чече алган жок.

Роза Отунбаева бийликтен кетип атат. Ал Кыргызстанды бирдиктүү, стабилдүү өлкө катары калтырууда. Бирок өзү бийликке келген апрелден бери өлкөдөгү жагдайды жакшыртып өзгөртө алды деп айта албайм.


"Азаттык": Казакстандык белгилүү саясатчы, эксперттер негизинен мөөнөтү аяктап бараткан кыргыз президентинин ишмердигине оң баасын берип келатышат. Нурсултан Назарбаевди Кыргызстандагы элдин көпчүлүгү көкөлөтө мактагандай эле алматылык саясат таануучу, журналисттер бир ооздон Роза Отунбаева көп жакшы саамалык баштап кетти деп ыраазылыгын айтышат. Биз менен маектешкен казакстандык эксперт Расул Жумалы Роза Отунбаеваны “кыргыз элинин багына төрөлгөн саясатчы” катары сыпаттады.

Аягында кошумчалай кетсек, Кыргызстандын алгачкы аял президентинин тагдырына туш келген тарыхый озуйпа татаал жагдайларга, опурталдуу окуяларга бай болду. Башкысы – ал өзүн сындагандарды, карандай каралагандарды куугунтуктап, коркутуп, же кудай анын бетин ары кылсын, мыкаачылык менен өлтүртүп, же башкача жазалаган жок. Баарына чыдады, жаманды да, жакшыны да эл башында туруп бирде ыйлап, бирде кубанып башка түшкөндү калкы менен чогуу көтөрдү. Калганын тарых таразалайт.

Р. Отунбаева: Бакиев сот алдында жооп берсин!
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

"Азаттыктын" видео архивинен тасма. 24-апрел, 2010-жыл

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG