Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Борбор Азия: аялдардын экономикадагы ролу


Президент Роза Отунбаева менен АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк жыйындын катышуучулары менен учурашууда.
Президент Роза Отунбаева менен АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк жыйындын катышуучулары менен учурашууда.

Бишкекте “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиуму өтүп жатат.

Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандан жүз чакты аял катышууда. Симпозиумдун ачылышында сөз сүйлөгөн кыргыз президенти Роза Отунбаева өлкө экономикасында аялдардын салымы чон экендигин белгиледи.

Ооганстан: Иш баштоо кыйын

Сима Табиб
айым Ооганстанда ийгиликтүү иштеп келаткан ишкер айымдардын катарына кирет. Ал эмерек жасап чыгарат. Өзүнүн айтымында, эмерек жасоо үчүн материалдарды Италия, Түркия жана Ооганстандын өзүнөн сатып алат. Согуш болуп, тынчыбай жаткан өлкөдө бизнес жасоо аял эмес, эркек адамга деле кыйындыгын айтат.

Сима Табиб бизнес ачууда адистер жетишпей турганын "Азаттыкка" билдирди. Ошондой эле саясий оюндардын көп болушу да ишкерликке терс таасирин тийгизет экен:

Жыйындын жүрүшүнөн
- Ооганстанда бизнес ачуу өтө кыйын. Ал жакта биринчиден, суу жок, электр энергиясы жок. Имараттардын көбү урап калган. Ошондуктан бизнес ачуунун башында мен чоң имарат салгам. Бирок ага дагы деле электр тогун тарттыра элекмин.

Көп кызматкерлерди тренингден өткөрүп, даярдап окутушум керек. Анткени орустардын аскерлери кирип келгенде жана жарандык согуш болгондо көп адамдар каза болуп калган. Азыр бизнеске аралашкан аялдар көбөйүп калды. Алар согуш бүткөндөн кийин, мурдагы режим кулагандан кийин ишкерликке кайра кайтып келип атышат. Жол куруу, үй куруу бизнесинде иштеген аялдар бар.


Ооганстандык башка өкүлдөрдүн айтымында, ал жакта аялдардын көбү коомчулук менен көп аралашпаган, башкача айтканда үйдө отуруп иштечү иштер менен алек болот. Мисалы, килем токуу, кол өнөрчүлүк, тикмечилик сыяктуу.

Түрмөнстан: Бизнес ачуу ишенимди жаратат

Ал эми жабык өлкө саналган Түркмөнстанда деле аялдар негизинен кол өнөрчүлүк, тикмечилик менен алектенишет.

“Жеңил өнөр жай тармагында иштөө айыл жергесиндеги аялдарга да чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат дейт” – биздин кийинки маектеш түркмөнстандык ишкер Жамиля Жепбарова.

Жепбарова “Земелена” деп аталган кол өнөрчүлүк ишканасын жетектейт экен. Бул бизнести ачуу жана түптөө Жамиля үчүн кыйынга турган эмес. Анткени бул иш ага атасынан калыптыр.

Жыйындын жүрүшүнөн
- Азыр биз Түркмөнстанда кол өнөрчүлөрдүн ассоциациясын түзөлү деп пландап жатабыз. Аны менен чыгарган продукцияларын сатканга жана көлөмүн өстүрүүгө, өлкөдөн сырткары чыгарууга бардык күчүбүздү бириктирели деген оюбуз бар.

Түрмөнстанда көптөрү ушул багытты иштесе, кээ бирлери илгерки салтты кайтаруу максатында табийгый сырёдон буюм-тайым жасашат. Түркмөнстанда бизнес кылуу - эртеңки күнгө жана балдарынын келечеги үчүн ишенимди жаратат.


Кыргыз экономикасында аялдар кыймылдаткыч күч

Ал эми жергиликтүү эксперттердин баамында, Кыргызстанда чаар-ала сумканы жонуна артынып, Орусия, Казакстандын ар тарабына товар ташыган 1990-жалдардагы жапайы базар солгундап, бизнес эми гана цивилизациялык деңгээлге жетип баратат.

Так ошол жапайы базардын тегирменине кезинде аялдар алгачкылардан болуп түшүп, ден соолугунан айрылганы, көптөрү тапкан-ташынганын саламаттыгына жумшаганы белгиленет. Ал эми бүгүнкү күнү аялдар бизнесте бир топ эле ийгиликтерге жетишип, ал тургай экономикада кыймылдаткыч күч болуп жатканы айтылып келет.

Кыргызстандык Динара Чочунбаева 1992-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Ал Орто азиялык чеберлерге колдоо көрсөтүү фонду менен Кыргызстандагы ресурстук борборду жетектейт. Динара айым Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызтанда бизнес ачуу бир топ жеңилирээк деп эсептейт.

- Бизде салык жагынан да бир топ жеңилирээк. Эмне болсо дагы Кыргызстанда эркиндик көбүрөөк. Айыл жеринде турган аялдардын көбү чеберчилик менен эле өз жанын дагы, үй-бүлөсүн дагы багып келе жатат. Ошондуктан жергиликтүү бийлик да ушул аялдарга жардам берсе жакшы болот эле. Мисалы Өзбекстанда чеберлерге өкмөт бир топ жардам берет. Бирок аларга эл аралык чөйрөгө чыгуу таталыраак. Бизде андай тоскоолдук жок.

Жогоруда биз сөз кылган ишкер айымдарыдн бардыгы “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиумунун катышуучулары.

Иш-чарага катышкан өлкө президенти Роза Отунбаева эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн аялдар түзүп, өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнүн экономикалык абалын көтөрүү аракеттерин жасап жатышкандыгына көнүл бурду.

- Базар экономикасына өтүү мезгилинде аялдар алгачкылардан болуп жардылыкка каршы чыгып, өз ара жардам берүү топторун түзө башташкан. Элет жергесинде аялдар бизнесин өнүктүрүүдө көптөгөн тоскоолдуктарга учурайт жана мамлекет тараптан колдоого муктаж. Азыркы мезгилде кийим тигүү өндүрүшү жакшы өнүгүп келе жатат жана "Made in Kyrgyzstan" деген брендге ишенген кардарлар да көбөйүүдө. Кийим тигүү өндүрүшүнүн продукциялары 2003-жылы экспорттун 2,9 % түзгөн, ал эми 2010-жылы бул көрсөткүч 9,6% чейин көбөйгөн. Мындай жетишкендиктер аялдардын активдүүлүгүнө жана насыя берген уюмдардын ишине байланыштуу десек болот.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ишкерчилик менен алектенген аялдардын 56% соода, 19% кызмат көрсөтүү, 18% жеке бизнес жана 15% айыл чарба иштери менен алектенет.

Экономикалык симпозиум АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун демилгеси, Отунбаеванын колдоосу менен өтүп жатканы айтылды жана Клинтондун видео-кайрылуусу угулду.

Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин Элчиси Мелани Вервир, АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк иш-чаранын ачылышына катышты. Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстандын ишкер айымдары катышкан симпозиум 19-июлда да уланат. Анын алкагында кыргызстандык кийим тигүү өндүрүшүнүн жетишкендиктерин көрсөтүү максатында атайын иш-чара уюштурулмакчы. Белгилей кетсек Өзбекстандан ишкерлер эмес Американын Өзбекстандагы элчилигинен төрт өкүл келген.



Аялдардын эл аралык симпозиуму
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG