Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Иранда британ элчилигине кол салынды


Демонстранттар Британия желегин өрттөөдө. Тегеран, 29-ноябрь.
Демонстранттар Британия желегин өрттөөдө. Тегеран, 29-ноябрь.

Иранда студенттердин тобу кечээ Британиянын элчилигине жана британ элчисинин тургун жайына кол салышты. Бул окуя мындан отуз эки жыл мурун АКШнын Тегерандагы элчилиги басылып алынган учурду эске салды.

Ирандык радикал студенттердин тобу шейшемби күнкү чабуул учурунда Британия элчилигинин имаратындагы желегин жулуп ыргытып, өрттөштү. Имараттын ичиндеги кеңселерди тинтишти. Жаалданган топ элчиликке аны курчаган дубалдардан ашып өтүп кирип жаткан кезде, жүздөгөн жаштар сыртта “Террорчу үч мамлекетке: АКШга, Израилге, Англияга өлүм” деп кыйкырып жатышты.

Ирандын “Фарс” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, элчиликтин ичиндеги имараттарда эки саатча камалып калган алты дипломат дипломатиялык полициянын кийлигишүүсүнөн кийин жүздөгөн демонстранттарды аралап чыгып кете алды.

Британ элчилигинин алдындагы акция. Тегеран, 29-ноябрь.
Британ элчилигинин алдындагы акция. Тегеран, 29-ноябрь.
Ал эми британ элчисинин Тегерандагы тургун жайына жасалган кол салуунун аки-чүкүсү беймаалым бойдон калууда. Жарым расмий “Мехр” жаңылыктар агенттиги адегенде ал жерде алты адам барымтага алынганын, бирок кайра бошотулганын кабарлады.

Британ Тышкы иштер министрлиги өз тарабынан элчиликтин жайларына көп сандагы демонстранттар кол салып, вандализмге барганын ырастады.

Британ Тышкы иштер министрлиги ошондой эле шейшембидеги окуяга “кыжырдануу” билдирип, аны “такыр кабыл алынгыс” көрүнүш катары айыптады. Британ тышкы саясий мекемесинин айтымында, жогорку даражалуу расмий өкүлдөр Иран бийликтерин кырдаалды көзөмөлгө алууга, чет элдик дипломатиялык миссияларды коргоо боюнча эл аралык милдеттемесин аткарууга чакырган.

Мамлекеттик теле түз чагылдырды

Британ элчилигине кол салынып жаткан учур Ирандын мамлекеттик сыналгысынан түз ободо берилди. Андагы сюжеттерде элчиликке таш ыргыткан демонстранттар имараттын айнектерин күбүгөнү, кеминде бир унаага өрт койгону, документтерди айнектен жана элчиликтин дубалдарынан ашыра ыргытканы көрсотүлдү.

Британ элчилигинин алдындагы акция. Тегеран, 29-ноябрь.
Британ элчилигинин алдындагы акция. Тегеран, 29-ноябрь.
Окуяга күбө болгон батыштык журналисттердин айтымында, кол салуунун биринчи толкунунда элчиликтин башкы имаратынын ичине кеминде 20дай демонстрант кирип барган. Оболу мындай аракеттер Ирандын жарак-жабдыкчан полициясы унчукпастан байкоо салып турган кезде болгон.

Кийинчерээк демонстранттарды артка кайтарууга аракеттенип, жаштар менен кагылышкан полицейлер элчиликтин дарбазасы алдынан көрүндү.

“Фарс” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бир нече демонстрант жана полицей жаракат алган.

Ушул эле агенттик Тегерандын полиция башчысына шилтеме жасап, тергөө иштери башталганын, камакка алынган бир нече демонстранттын иши сотко өткөрүлөрүн маалымдады.

Расмий Тегарандын, АКШ менен Евробиримдиктин реакциясы

Ирандын Тышкы иштер министрлиги болсо “нааразылыкка чыккан саналуу адамдын кабыл алынгыс аракетине өкүнөрүн”, чет элдик дипломаттардын кол тийбестигин урматтарын, окуяны иликтеп зарыл чараларды көрөрүн билдирди.

Марк Тонер, Мамдепартаменттин өкүлү.
Марк Тонер, Мамдепартаменттин өкүлү.
​Британ элчилигине жасалган чабуулду Брюсселден Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон, Вашингтондон Ак үй жана Мамлекеттик департамент кескин айыптады. Мамдепартаменттин өкүлү Марк Тонер:

-Менимче бул инцидент Иран эл аралык милдеттемелерин жээригенинин дагы бир мисалы. Алар Вена конвенциясы боюнча милдеттемелерин аткаруусу жана Тегерандагы дипломаттардын коопсуздугун коргоосу абзел.


32 жыл мурдагы окуянын элеси


Кол салуу үчүн болсо өзүн “Жогорку лидердин жолун жолдогон мусулман студенттер” деп атаган топ жоопкерчилик алды. Бул топ Германия менен Франциянын элчиликтерин да жабууга чакырып, британ элчилигин “тыңчылардын биздин жинибиз жана жек көрүүбүз көрүнүшү керек болгон дагы бир уясы”,- деп мүнөздөдү.

Бул сөздөр Тегеранда мындан отуз эки жыл мурун орун алган окуяны эске салып турат. Анда жүздөгөн исламчыл студенттер АКШ элчилигин басып алышып, 52 америкалыкты 444 күн бою барымтада кармашкан. 1979-жылдагы ислам ыңкылабынын лидери Аятолла Хомейни америкалык элчиликти “АКШнын тыңчылык жайы” деп атаган.


Жооп чарадан кийинки жорук


Британ элчилигинин имараттарына кол салуу Ирандын парламенти британ элчисин өлкөдөн эки апта ичинде чыгарып, Лондон менен дипломатиялык алаканын деңгээлин төмөндөтүүнү караган мыйзам кабыл алгандан эки күндөн кийин орун алды. Тегеран мындай чараны Британиянын экономикалык жаңы санкцияларына, атап айтканда Ирандын каржы сектору менен бардык алаканы токтотуусуна жооп иретинде көрүүдө.

Британиянын санкциясы Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин жаңы баяндамасы жарыялагандан кийин АКШ менен Канаданын ушуга окшош чаралары менен бир учурда киргизилген. МАГАТЭнин соңку баяндамасында Ирандын талаштуу өзөктүк программасынын аскерий багыты жөнүндө ишара кылган далилдер бардыгы айтылат.

Мурдараак Британия эгер элчиси Доминик Чилкот Тегерандан чыгарылса, жигердүү чара көрөрүн эскерткен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG