Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Жалал-Абадда ВИЧке чалдыккандардын саны былтыркыдан аз


Жалал-Абад облусунда иммундук таңсыктык вирусун жуктургандардын саны быйыл былтыркыга караганда аз. Облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун баш дарыгери Элмира Сатарованын бүгүн айтканы боюнча, облуста ВИЧке кабылгандардын санынын өскөнү анча байкалбайт. Жыл башынан тартып ноябрь айына чейин ВИЧ менен 39 адам катталган, өткөн жылы 61 болчу. Азаюуга коомчулуктун аң-сезиминин өсүп, ВИЧтен сактанууну тууралу маалыматтын таркатылышы жана медициналык текшерүүнүн тынбай жүргүзүлүп жатканы себеп болду. Оору облуста пайда болгондон бери ал кесел аныкталган 380 киши каттоодо турат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG