Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Түркия Сирияга каршы санкция киргизди


Ассаддын режимине каршы Хомс шаарына жакын жерде 28-ноябрда болгон демонстрация.
Ассаддын режимине каршы Хомс шаарына жакын жерде 28-ноябрда болгон демонстрация.

Түркия 30-ноябрда коңшусу Сирияга каршы санкция киргизгенин жарыялады. Расмий Анкара билдиргендей, ал санкцияларга ылайык Дамаск менен экономикалык карым-катнаш жана стратегиялык өнөктөштүк бийлик алмашмайынча токтотулат.

Түркия мындай кадамга Сириядагы режимди демонстранттарды күч менен басуудан баш тартууга утур-утур чакырганынан майнап чыкпагандан кийин барууда.

Түркиянын санкциялары менен Сириядагы режимдин эл аралык коомчулуктан изоляциялануусу жана ага көрсөтүлүп жаткан кысым дагы бир баскычка күчөгөндөй болду.

Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы шаршембиде Анкарадагы басма сөз жыйында жарыялагандай, Түркия президент Башар Ассаддын өкмөтүнө каршы киргизилип жаткан санкциялардын алкагында Сирия менен каржылык аласа-бересенин баарын токтотот жана сириялык өкмөттүн активдерин тоңдурат.

Ахмед Давутоглу
Ахмед Давутоглу
Мындан сырткары бир кезде расмий Дамаск менен жакын өнөктөш болгон Анкара Сирияга курал-жарак, аскерий жабдуулардын кетишине тыюу салат. Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы белгилегендей, буга кошумча стратегиялык өнөктөштүк да токтотулат:

- Сириянын бийлиги легитимдүүлүгүн жоготту. Элге ок атуу, ар бир минаретти бомбалоо аркылуу Сириянын өкмөтү аны колдогон Түркия жана араб өлкөлөрү менен ажырымын кеңейтти. Сириянын өкмөтү бардык мүмкүнчүлүгүнөн айрылды. Туңгуюкка кептелип, күнү бүтүшүн камдоодо. Сирияны өз эли менен тынчтыкта жашаган өкмөт башкармайынча стратегиялык кызматташтыктын жогорку деңгээлинин механизми токтотулат.

Экинчиден, Сирия администрациясынын элге карата мыйзамсыз жолдор менен күч колдонду деп саналган айрым мүчөлөрүнүн каттоосуна тыюу салынат. Алардын биздин өлкөдөгү активдери тоңдурулат. Ушундай эле чаралар Асаддын режимин колдогон кээ бир ишкерлерге карата да колдонулат.


Расмий Анкара коңшусуна карата мындай чараларга Сирия бийлигин демократияны колдогон демонстранттарды кан төгүү менен басууну токтотуу боюнча буга чейинки чакырыктары майнап бербеген соң барууда.

Эки өлкөнүн чек ара тилкесинин узундугу 800 чакырым, ушундан улам түрк бийлиги Сириядагы окуялар мындан ары кандай сценарийде өнүкпөсүн даяр туруубуз керек деп эсептеп жаткандай.

Сириядагы демонстрациялар, 21-ноябрь, 2011-жыл
Сириядагы демонстрациялар, 21-ноябрь, 2011-жыл
Тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы бир күн мурда “эгер он, жүз миңдеген адамдар Түркия, Ирак, Ливандын чек арасын көздөй жылса, буффердик зона талап кылынуусу мүмкүндүгүн” айткан.

Түрк жетекчилиги президент Ассад өз элинин колдоосуна ээ боло албай калганын белгилеп, буга чейин аны кызматтан кетүүгө да чакырган.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жакында эле өзүнүн АК партиясынын жыйынында Ассадга кайрылып, мындай деген болчу:

- Келечек эзилген элдин канында курула албайт. Башкача айтканда тарых канга сугарылган лидерлерди билет. Ассад, сиз мына ушул баракты ачууну көздөй бара жатасыз. Мыкаачылык жана куугунтук үчүн каргыш алгандар эртеби, кечпи кун төлөйт.

Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын кырдаалды жөндөө боюнча аракеттери эске алынбай жатканынын, Анкара Сириядагы “тынчтык менен бакубатчылыкты өзүндөгү тынчтык менен бакутбатчылыкка барабар” деп эсептегендиктен чечкиндүү аракет көрөрүн да эскерткен.

Түркияга чейин Сирия режимине каршы санкцияны АКШ, Евробиримдик жана араб өлкөлөрүнүн башын бириктирген Араб лигасы уюму да киргизип, Дамаск бул кадамдарды сынга алган.

Улуттар уюмунун эсебинде Сирияда сегиз айдан бери уланып, бирок күч менен басылып жаткан элдик толкундоо учурунда азыркыга чейин 3,5 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Ушул дүйшөмбүдө АКШ менен Евробиримдик БУУнун Коопсуздук кеңешин Сирия режиминин демонстрацияларды басуу учурундагы мыкаачылыктарына жооп чара көрүүгө чакырды.

Анын алдында БУУнун Адам укуктары кеңеши жарыялаган баяндамада Сириянын коопсуздук күчтөрү менен аскерлери президент Башар Ассаддын режиминин “жогорку деңгээлдеринен” берилген буйруктардан кийин адамзатка каршы кылмыштарды жасап, мунун ичинде адам өлтүрүүлөргө, кыйноого, зордуктоолорго барганы айтылган эле.

Бирок Сириянын жакынкы өнөктөштөрүнүн бири катары саналган Орусия АКШ менен Евробиримдиктин чакырыгын четке кагып, башка өлкөлөр Ассадга “ультиматум коюуну” токтотуусу керектигин айтып чыкты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG