Кечээ Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо болду. Бюллетендердин 80 процентке жакыны эсептелгенден кийин бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” 50 процентке жетпеген, комммунистер 20 процентке жакын,“Адилет Орусия” 13, Либерал-демократтар 12 процентке жакын добуш алганы маалымдалды. 2007-жылкы шайлоодо “Бирдиктүү Орусия” 64, 3 процент добуш алган эле. Коммунисттер партиясы жана либералдуу “Яблоко” партиясы байкоочуларга бийлик тарабынан тоскоолдуктар жасалып, “Бирдиктүү Орусияны” колдоо үчүн түрдүү мыйзамсыздыктар жасалганын билдиришти.