Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Facebook: Күйөөм дубалды сүздүрөт, сабайт...


Аялды ур-токмокко алган эркектер тууралуу Фейсбукта атайын талкуу уюштуруп, чет өлкөдө окуган жана аймактардагы жаштардын пикирин топтодук.

Үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу жаш муундун көз карашы кандай болду экен?


Аялдарда арман көп


Алгач Фейсбук жөнүндө эки ооз сөз. Интернеттеги www.facebook.com сайты - бул бардык адамдар үчүн баарлашуучу, пикир алмашуучу, ар кандай маалыматтарды таратуучу сайт болуп эсептелет. Акыркы маалымат боюнча, бул сайтты колдонгондордун саны дүйнөдө 850 миллионго жетти, ал эми бул баракчада катталган кыргызстандыктар 60 миңге чукулдайт.
Ала качпай, жула качпай эле сүйлөшүп үй-бүлө курса мындай маселелер чыкмак эмес. Жубайлар экөө тең бирин-бири түшүнгөндө гана зомбулук болбойт...

Дал ушул Фейсбук баракчасында “аялдарга карата колдонулган зомбулук” тууралуу суроону коёрубуз менен кызуу талкуу башталды. Талкууга катышкандардын көпчүлүгү чет өлкөдө билим алган кыргыз студенттери.

Учурда Германияда окуп жаткан Салтанат Кырбашева минтип жазды:

- Аялдарга жасаган мамилени алып караганда, Европа менен Кыргызстанды салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Кыргызстанда орой айтканда эки буттуу айбандар көп. Мисалы, германиялык үй-бүлөдө кандайдыр бир проблема болуп калса, жубайлар отуруп алып акырын эле кеңешишет, кыргыз үй-бүлөдө, тилекке каршы, күйөөсү дароо эле башка чабат. Албетте эркектердин баарын күнөөлөгөн болбойт. Бирок ошентсе да кыргыз айымдарына кайрылгым келет, башыңарды көтөрүп, татыктуу жашоого умтулалы!

Салтанаттын бул пикирин колдоого алгандар көп болду. Албетте, алардын көпчүлүгү кыздар.


Кандай эркек аялга кол көтөрөт?


Фейсбукту такай колдонгон Чолпон Апиева аттуу айым Кыргызстандагы үй-бүлө проблемаларынын көпчүлүгү ала качуунун айынан болуп жатат деп эсептейт:

- Кыргыздар ала качпай, жула качпай эле сүйлөшүп үй-бүлө курса мындай маселелер чыкмак эмес. Жубайлар экөө тең бирин-бири түшүнгөндө гана зомбулук болбойт. Жубайлар такыр эле бири-бирин түшүнө алышпаса күйөөсү сабап, токмоктоп салбай, сүйлөшүп эле ажырашып, балдарына каралашып турушу керек.
Өзүнө ишенбеген, алсыз, ыйманы жок эркек гана аялзатына кол көтөрөт...

Аял менен күйөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөр биринчи кезекте аялдын өз укугун билүүгө кызыкпагандыгынан, жумушсуздуктан жана аракечтиктен келип чыгат деп жазды Германиядан Раида Баймонкоева.

Оштон пикир жазган студент Адилет Мамасадык уулу да үй-бүлөдөгү чыр-чатакка биринчи кезекте аракты күнөөлөдү. Пикирлердин арасында кайненени, ал тургай мамлекетти да айыптагандар жок эмес. Кореядагы мекендешибиз Элина Түмөнбаеванын пикирине көңүл бурсак:

- Күйөөсү аялын уруп, зомбулук көрсөткөндө, баланын туугандары, ата-энеси "балам мындай туура эмес”, - деп оң жакка насаат айткандын ордуна "мейли, сабасын" деп келиндин тагдырына кайдыгер караган адамдар да көп болуп жатпайбы... Өзүнө ишенбеген, алсыз, ыйманы жок эркек гана аялзатына кол көтөрөт. Үй-бүлөдө ата-эне бири-бирин сүйүп, сыйлап, балдарына көбүрөөк мээрим төгүп туура тарбия берсе, ал балдары келерки турмушунда эч качан жаман көрүнүшкө жол бербейт. Аялга кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөн эркектер үчүн атайы аларды оңдоого, туура таалим берүү, таптакыр баш ийбегендерди жоопко тартып, мыйзамды катуу иштетиш керек.



"Шайтанын түшүрөм" деп...


Кайненем күйөөмө “аялыңды башына чыгарып алыпсын, эркек деген үйдө эс алып жатыш керек, аялды сабап шайтанын түшүрүп турбаса болбойт” деп айтты....

Окурмандардын арасында орто мектептерге укук таануу сабагын киргизүү керек деп айткандар да болду. Себеби кыргыз аялдары өз укугун билбегени үчүн, бардык кыйынчылыктарга чыдап, уруп-сабаган эркектер кандай жазага тартылаарын деле билишпейт.

Мээрим аттуу окурманыбыз болсо өз кошунасынын тагдырын баяндады:

- Жолдошум мени ала качып алган, мен аны жактырбасам да "таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калдым. Күйөөм жакшы адам, мен эмне иш кылсам жардамдашып турат эле. Анан балээнин баары кайненем биздикине келип жашаганда башталды. Кайненем күйөөмө “аялыңды башыңа чыгарып алыпсың, эркек деген үйдө эс алып жатыш керек, аялды сабап шайтанын түшүрүп турбаса болбойт, антпесең сени бизден тирүүлөй ажыратып салат” деп айтты. Ошондон бери жолдошумдун мага болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрдү. Азыр “тике карап сүйлөбө мага, акыл үйрөтпө” деп кол көтөрчү болду. Кээде дубалга сүздүрүп сабайт. Балдарымды атасыз калтыргым келбейт. Балдарым үчүн жашайм. Азыр мен үчүн жашоонун маңызы эмне, билбейм?..

Аялын сабаган, үйүнөн кууп чыккан же болбосо түрдүүчө зордук-зомбулукка кабылгандарды тизмектесек, тилекке каршы, андайлар абдан көп. Бирок бул өнөкөткө жаш муундун көз карашы бир топ башкача экени жазган пикирлерден эле көрүнүп турат. "Азаттык" эми айыл жаштарынын да пикирин сурамжылайт.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG