"Нур Отан" партиясынын аймактагы баш өкүлү Валерий Проскуряков "жаңылыштык" менен өлтүрүлгөнүн Чыгыш Казакстан дубанынын ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Бул бөлүмдүн жетекчиси Рашид Жакуповдун сөзү боюнча, кол салуудан кийин кармалган беш киши суракка алынганда алар Проскуряковдон башка кишини өлтүрүүнү көздөгөндөрүн айтышкан.
Проскуряков октябрда машинасында баратканда, куралчан киши башына атып кеткен. Бул окуя «президент Нурсултан Назарбаев жетектеген партиянын өкүлү саясий буйрутма менен өлтүрүлдү» деген божомолду жараткан.
Рашид Жакупов кылмышкерлер кимди өлтүрүүнү максат кылганы белгилүү экендигин билдирди, бирок алардын атын ачыкка чыгаруудан баш тартты.