Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Москва: Митингдин катышуучулары талап койду


Орусиянын ордо калаасы Москванын Болотная аянтында оппозициянын митинги жыйынтыкталды.

Болотная аянтындагы митингдин катышуучулары резолюция кабыл алышты. Демонстрацияга чыккандар БШКнын жетекчиси Владимир Чуровду кызматтан кетирүүнү, анын ишмердүүлүгүн иликтөөнү, 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү, саясий партияларды каттоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты.

Оппозиция бийликке 2 апта берди. Кийинки демонстрация 24-декабрга белгиленди.

Москвадагы кабарчыбыз Аида Касымалиева Болотная аянтынан кечки саат 6да буларды билдирген:



Демонстрациянын таржымалы

18:10


Аянттагылар "Путин, өзүң эле кетип кал!" деп ураан чакырышууда. Демонстрациянын уюштуруучулары ИИМдин маалыматына таянып, митингге 100 миңден 150 миңге чейин адам катышып жатканын кабарлашты.

17:14

"Азаттыктын" кабарчылары маалымдагандай, аянтта интернет жакшы иштебей жатат. Уюштуруучулар байланыштагы мындай мүчүлүштүктөр кокусунан эмес деп шектенишүүдө.

17

Оппозициянын лидерлеринин бири Борис Немцов сүйлөп жатат. Аянттагы эл "Чуровду абакка!" деп кыйкырууда. Немцов оппозициялык партияларды каттоону жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды. "Биз намыстуу жана эркин эл экенибизди далилдешибиз керек", - деди ал.

16:50

Аянттагылар "Путинсиз Орусия!" деген ураан чакырууда. Ички иштер башкармалыгы аянтта 15 миңден ашуун киши турат деп маалымдаса, митингдин катышуучулары сандар мындан да көп болгонун ырасташууда.

14:00

“Азаттыктын” Орус кызматынын кабарчылары Болотная аянтынан кабарлашкандай, митинг өтө турган жерге жүздөгөн, балким миңдеген полиция кызматкерлери тартылды.

Ушул тапта аянтка полиция бөлүктөрүнүн унаалары биринин артынан бири келүүдө. Азырынча полициячылар автобустарда жана унааларда эле отурушат.

Акциянын катышуучулары сөз сүйлөй турган сахнага микрофон жана үн күчөткүчтөрдү орнотууда. Акцияны Владимир Рыжков (ПАРНАС) жана Анастасия Удальцова (“Солчул фронт”) алып бараары маалымдалды.

15:46

Аянтта 10 миңден ашуун киши топтолду.

16:00

Революция аянты. Оппозиция лидерлери Борис Немцов элди Болотная аянтына ээрчитип баратат. Алардын катарында Лев Пономарев жана Олег Орлов бар. Аянтта болжол менен миң чакты адам бар. Революция аянтында кызыл жана улуттук желектерди көтөргөн адамдар калды.

Орусияда 4-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандар төрт күн бою Москва менен Санкт-Петербургда күндө кечинде пикетке чогулуп жатышты. Полиция оппозициянын лидерлерин камаган, жүздөгөн катышуучуларын бир нече саатка кармады.

Москвадагы алкактуу демонстрация буга чейин Революция аянтында өтөөрү кабарланган эле. Бирок эмнегедир шаардык бийликтер бул күндөрү ал жерде “ремонт иштерин” жүргүзүп жатышат.

Буга чейин активисттер Орусияда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдириш үчүн 10-декабрдагы демонстрацияга кеминде 25 миң адамды чыгараарын маалымдашкан. Алар элди демонстрацияга интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу чакырышты.

4-декабрда Орусияда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы 49, 54 пайыз алган.

XS
SM
MD
LG