Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Текебаев: Коалицияга чакырган расмий сунуш түшө элек


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалицияга кирүү боюнча сунуш расмий түшө электигин билдирди. Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков ар бир фракцияга коалиция боюнча өздөрүнүн сунуш-принциптерин жөнөтүшкөнүн, азырынча КСПДнын шартына “Республика” менен “Ар-намыс” фракциялары көнүп жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Турсунбеков төрт фракциядан турган коалициялык көпчүлүк түзүү каралып жатканын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев 8-декабрда коалиция түзүү мандатын КСДПга тапшырган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG