Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Днестр жумуриятында кайра шайлоо өтүшү мүмкүн


Молдавадан өз алдынчалык жарыялаган жумурияттын президенти Игор Смирнов кечээки шайлоодо көп сандаган мыйзам бузуулар болгондугун айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырды.

Сеператисттик жумуриятты 1990-жылдан бери башкарып келе жаткан Смирновдун президенттик добуш берүүдө башка талапкерлерди артта калтырганы, бирок мамлекет башчысы болуп шайлануу үчүн жетиштүү болгон добуштарды ала албаганы болжолдонууда.

Калган эки талапкер, Москва колдогон парламенттин спикери Анатолий Каминский жана мурдагы спикер Евгений Шевчук Смирновдон алга оздук деп ырасташууда.

Бүгүн шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу эки күнгө кечеңдей тургандыгын жарыялады.

XS
SM
MD
LG