Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Аялдардын саясий укуктарын чагылдырган журналисттер сыйланат


«Аялдарга жардам борбору» аялдардын саясий укуктарына байланышкан маселелерди жана кыз ала качуу көйгөйүн чагылдыруу багытында Кыргызстандын журналисттеринин арасында жалпы республикалык сынак жарыялады. Сынак Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын гендердик теңдик боюнча фонду (FGE) каржылаган «Кыргызыстандын жаңы шартында аялдардын саясий жана экономикалык укуктарын илгерилетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр келерки жылы 8-Март майрамын утурлай аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылат. Укук коргоочулардын айтымында, көптөгөн аялдар Кыргызстанда кыз ала качуунун курмандыгы болушат. Алардын айрымдары өзөлүрүнө кол салган учурлары да катталган. Бул боюнча расмий статистика жок. (RK)

XS
SM
MD
LG