Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Түндүк Корея "улуу жолбашчыны" жоктоодо


Ким Чен Ир мураскер уулу Ким Чен Ын менен аскерий парадды көрүү учурунда. 2010-жылдын 10-октябры.
Ким Чен Ир мураскер уулу Ким Чен Ын менен аскерий парадды көрүү учурунда. 2010-жылдын 10-октябры.

Ким Чен Ирдин дүйнөдөн өтүшү Түндүк Корея коңшуларын тынчсыздандырып, бийликтеги үй-бүлөлүк династиянын жана өзөктүк куралы бар бул мамлекеттеги туруктуулуктун келечеги суроолор жаратууда.

Жыйырма үч миллион калкы бар Түндүк Кореяны 1994-жылдан бери башкарып кеген Ким Чен Ир дүйнөнүн бийликти атасынан мурастап калган жалгыз коммунисттик лидери эле. Атасы Ким Ир Сен Түндүк Кореянын негиздөөчүсү болгон.

Ким Чен Ирдин дүйнөдөн өткөнү элге эки күндөн кийин гана ачыкталды. Мамлекеттик телеканалдын кара кийген диктору бул кабарды дүйшөмбүдө эртең менен мукактанып, ыйламсырап жатып жарыялады:

Мамлекеттик теленин диктору "улуу жолбашчынын" дүйнөдөн өткөнүн жарыялоодо.
Мамлекеттик теленин диктору "улуу жолбашчынын" дүйнөдөн өткөнүн жарыялоодо.
- Мен эң кайгылуу учурду, биздин улуу жолбашчыбыз Ким Чен Ир 2011-жылдын 17-декабрында, жетекчиликтин жолунда капыстан кармаган ооруудан улам каза тапканын жарыялайм. Эми Ким Чен Ындын жетекчилиги астында биз кайгыбызды каармандыкка жана күчкө алмаштырабыз. Демек, биз азыркы кыйынчылыктарды жеңип, биздин ыңкылаптын жаңы жетишкендиктери үчүн мурдагыдан да жигердүү күрөшө алабыз.

Расмий кабарга караганда, Ким Чен Ир поездде бара жаткан кезинде жүрөк талмасынан каза тапкан.

Буга чейин 2008-жылы жүрөгүнөн приступ болгон алтымыш тогуз жаштагы лидердин саламаттыгы жайында эместиги мурдатан эле белгилүү эле. Мындан улам ал коомчулукка чыкпай калган учурлар да болгон. Бир жылдан ашуун мезгилден бери Түндүк Кореянын бийлик түзүмдөрүнө кичүү уулу Ким Чен Ынды киргизе баштаганын талдоочулар мына ушул жагдай менен да байланыштырышкан.

Анткен менен Ким Чен Ирдин дүйнөдөн өтүшү асыресе анын коңшулары үчүн күтүүсүз болуп, алардын айрымдарын камтамага салгансыды.


Жакынкы коңшулар чукул жыйынга чогулду


Бул жаңылыктан кийин Түндүк Кореянын жакынкы коңшулары: Жапониянын премьер-министри Есихико Нода, Түштүк Кореянын президенти Ли Бен Бак чукул жыйын чакырышты.

Түштүк Кореянын кризисти башкаруу боюнча улуттук борборунун өкүлү Ан Куанг Чан кабарчыларга буларды айтты:

- Өкмөт Түндүк Кореядагы кырдаалга абдан кылдат байкоо салат. Мындан сырткары ал Корей жарым аралында тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн коңшу өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен кызматташат.

Түндүктөгү коңшусу менен дээрлик алтымыш жылдан бери чатакташып келе жаткан Түштүк Кореяда армия да күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Буга катар узундугу 250 чакырымга созулган чек арада көзөмөл күчөтүлдү.

Вашингтондон Ак үйдүн маалымдаганына караганда, президент Барак Обама Түштүк Корея президенти Ли Мён Бак менен телефондон сүйлөшүп, Вашингтондун Корей жарым аралындагы туруктуулук жана өнөктөшү Түштүк Кореянын коопсуздугу үчүн милдеттемесин дагы бир жолу ырастаган.

АКШнын Ким Чен Ир менен мамилеси начар болчу. Бул көбүнесе Түндүк Корея лидери өзөктүк куралга ээ болууну көздөгөнүнө байланыштуу эле. АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш кезинде Түндүк Кореяны ал “балакеттин үчилтиги” деп атаган өлкөлөр тизмесине кошуп, Вашингтон Пхеньянда өзөктүк курал болушу менен эч убакта келише албасын билдирген. Бирок Ким Чен Ир эл аралык санкцияларды жерүү менен 2006-жылы өзөктүк куралды ийгиликтүү сынаткан.

Өзөктүк курал маселесине байланыштуу эл аралык чөйрөдө бир нече жылга созулган тирешүүлөр учурунда Кытай өзүн Түндүк Кореянын коргоочусу жана союздашы катары көргөзүп келди. Ким Чен Ирдин дүйөдөн өткөнү жөнүндөгү кабардан кийин Кытай Түндүк Корея элине терең көңүл айтуусун жолдоду.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лю Вэйминь Бээжиндеги басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Биз Түндүк Кореянын улуу лидери Ким Чен Ирдин дүйнөдөн өткөнүн угуп кайгырдык. Буга байланыштуу аза күтүп, Түндүк Кореянын элине көңүл айтабыз. Жолдош Ким Чен Ир Түндүк Кореянын улуу жолбашчысы, Кытай элинин жакын досу болгон. Ал Түндүк Кореяда социализмдин, Кытай менен Түндүк Кореянын ортосунда достуктун, жакшы санаалаштыктын, кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошту.

Түндүк Кореядагы аза күтүү 29-декабрга чейин созулат. Ким Чен Ирдин сөөгү эл көрүш үчүн борбор Пхеньянда атасы Ким Ирдин Сен сөөгү турган Кымсусан мавзолейине коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу 28-декабрга белгиленди. Расмий Пхеньян “улуу жолбашчынын” тажиясына чет элдик делегациялар катышпай турганын, аларды кабыл алалбасын билдирди.


“Улуу жолбашчынын” ордуна “улуу мураскер”


Түндүк Кореядагы бийликти эми үй-бүлөлүк династиянын кийинки өкүлү, Ким Чен Ирдин жашы отузга жетип-жете элек эң кичүү уулу Ким Чен Ын жүргүзөрү күтүлүүдө. Өлкөнүн мамлекеттик жаңылыктар агенттиги (КСNA) Ким Чен Ынды дароо эле “улуу мураскер”, “партиянын, элдин, армиянын көрүнүктүү лидери” деп атады.


Борбор Пхеньяндын көчөлөрүндө ыйлап жаткандар.
Борбор Пхеньяндын көчөлөрүндө ыйлап жаткандар.
Айтор, мураскердин ысымы белгилүү болгону менен бийликтеги үй-бүлөлүк династиянын жана өзөктүк куралы бар бул мамлекеттеги туруктуулуктун келечеги али айрым суроолорду жаратуууда. Аймактык талдоочу, Сингапурдагы “Control Risks” консалтинг компаниясынын Азия-Тынч океан чөлкөмү боюнча директору Дэйн Чамморо мындай дейт:

-Ким Чен Ын мураскердин ролун аткарып жатканына бир жылдан ашуун убакыт болду. Ага армиядагы жана Корей Жумушчу партиясындагы байланыштарын бекемдөөсү үчүн көбүрөөк убакыт керек. Андыктан режимдин артында турган адамдар аны ( Ким Чен Ын) бул ролду аткара алуучу катары көрүшөбү жана ушул ролдо кармагысы келеби, же алар аны алмаштырып Кимдин үй-бүлөсүнө жакын башка бирөөнү отургузушабы? Реалдуу суроо ушул.

Расмий Пхеньян жакында анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга кызыгуусун билдирген. Сүйлөшүүлөр 2009-жылы ал Жер алдында өзөктүк сыноо өткөрөрдүн жуп алдында үзгүлтүккө учураган.

Өлкө эми тышкы саясатта кандай нукту карманары мураскерге жараша болчудай. Ким Чен Ирдин уулу Ким Чен Ын азыркыгы чейин эле бир топ бийик кызматтарды ээлегени менен дүйнөнүн бир да лидери менен жолуга элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG