Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков билдирди. Анын айтымында, түрмөлөрдү дары-дармек менен камсыздоо, камалгандардын тууган-уруктары менен жолугушуусун жөнөкөйлөштүрүү, абактагы шартты жакшыртуу аракети башталды. Маалыматка ылайык, курамында УКМК, ИИМ жана Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнөн турган өкмөттүк комиссия менен парламенттик комиссия абактардагы ачкачылык акцияларынын чоо-жайын иликтөөдө. Өткөн аптада Кыргызстандын тогузга чукул түрмө жана тергөө абактарында соттолуучулар тамактан баш тартышып, камактагы абалды жакшыртууну талап кылышкан. (KKs)