25-декабрдын таңында Ысык-Көл облустук ооруканасынын гинекология бөлүмүндө өрт чыккан. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук өрткө каршы башкармалыктын ага инспетору Бекжан Жексембиев билдирди. Тилсиз жоодон адамдар жабыркаган жок. Документтер, столдор, терезелер күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт электр жылыткычтарын пайдалануу эрежелеринин бузулушунан келип чыккан. Кырсыктын айынан кеткен чыгым такталууда. Өрт эки сааттан кийн толук өчүрүлгөн. (MK/RK)