Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Аскаров: Абакта күнүнө 7 чакырым басам


28-декабрда акыйкатчы Турсунбек Акун журналисттер менен бирге укук коргоочу Азимжан Аскаров отурган №47 түзөтүү абагына барып келди.


Улуту өзбек укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда Базар-Коргон районунда "массалык башаламандык уюштурган" деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок Аскаров күнөөсү жок экендигин айтып келүүдө.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта жаткандагы ал-жайы тууралуу буларды белгиледи:

- 61 жашка кирген адамдын ден соолугу кандай экенин билесиз да, жаш куракка байланыштуу оорулар болот. Бир күнү жүрөк ооруйт, башка күнү дагы башка жер. Чайды ысытпай ичип койсоңуз да жөтөлүп каласыз. Бул жердин дарыгерлери абдан жакшы.

Кээ бир дарылар мекемеде жок болуп калса, “досторуңузга айтыңыз, тиги дарыны алып келсин, сизге өтө зарыл” деп айтышат. Досторум витамин-дарыларды алып келип беришет. Туугандарым менен Төлөйкан Исмаилова жана Сардар Багышбековдун жардамы менен бул жерден үч ирет жолугуштум.


Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун бөлмөсү Жаза аткаруу кызматына караштуу №47 абактын жер төлөсүндө жайгашкан. Туурасы эки, узуну үч жарым метр болгон бөлмөдө ал жалгыз отурат. Аскаров күнүнө 7 чакырымдан ашык басып койорун айтат:
- Мени күн сайын сыртка алып чыгышат. Кезекте тургандар мени эстеринен чыгарышпайт. Эс алууга чыккан жердин узундугу 23 метр, ал жерде мен жок дегенде 7 чакырым басам. Басып жүрүп окуй берем, жаттай турган нерселер бар, аларды жаттайм. Бир мүнөттү да текке кетирбейм.

Бул жерде интернет жок. Бирок көрүп турасыз, радио, телевизор бар. Бардык программаларды көрөм. “Азаттык”, Би-Би-Си жана “Америка добушу” үналгыларын бир да күн калтырбай угам. Мындан тышкары жаңы чыккан гезиттерди калтырбай окуйм. Досторум гезит күркөсүнө акча төлөп кеткен. Алар аркылуу алып турам. Бардык маалыматтан кабардармын.


Азимжан Аскаров мурда-кийин динге анчейин көңүл бурчу эмес экен. Бирок камакка түшкөндөн бери Курандын бир парасын, башкача айтканда отуздан бир бөлүгүн жаттап үлгүргөн. Ал "Базар-Коргондогу башаламандыкты уюштурган", "милиция кызматкерлерине кол салууга катышы бар" деп, сегиз адам менен бирге өткөн жылы 15-сентябрда Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул өкүмдү облустук сот да колдогон.

20-декабрда Жогорку Сот бул өкүмдү күчүндө калтырды. Бул чечим боюнча Аскаров буларды айтты:

- Үч күн өзүмө келе албай жүрдүм. Бирок досторумдун көмөгү менен өзүмдү кармадым. “Бул акыркысы эмес, күрөш али бүтө элек. Сен деген укук коргоочусуң” дегенден кийин өзүмдү-өзүм кармадым. Азыр жан-дүйнөм калыбында. Мени камакка алганда райондук да, облустук сотто да “мусулман үчүн эң ыйык нерсе Куран. Куранды алып келгиле, аны кармап туруп, бала-чакамды ортого коюп, күнөөм жок экендигин айтам” дегем.

Аскаровдун билдиришинче, өткөн жылы Базар-Коргон районундагы убактылуу кармоо жайында кармалып турганда тартип коргоо органдары тарабынан ур-токмокко, кыйноого кабылган.

Буга чейин абакта Азимжан Аскаровдун өмүрүнө коркунуч жаралууда деген да маалыматтар болгон. Бул боюнча ал өзү буларды билдирди:

- Ал боюнча өзүмдүн жактоочумду кабардар кылгам жана Жаза аткаруу кызматына арыз жазылган. Сыягы мени улутчул деп айыптагылары келген окшойт...

Деген менен Аскаров абактын кызматкерлерине жылуу сөзү жана мамилеси үчүн ыраазы экендигин кошумчалады. Ал эми №47 түзөтүү абагынын жетекчиси Мырзабек Адылбеков "Аскаров толук кайтарууда, өмүрүнө коркунуч жок" деп билдирди:

- Анын адвокаты туура эмес маалымат берип жатат. Аскаровду башкалардан бөлүп кармайбыз. Бул деген башка соттолуучулар анын жанына бара албайт да, келе албайт дегенди билдирет. Аны өзүнөн да сурасаңар болот. Кароол бар, ага бир да адам кире албайт.

Жоргорку Сот: “Аскаров күнөөлүү”

Буга чейин Аскаровдун жаңы жылдан тарта ачкачылык жарыялай тургандыгы да айтылган. Бирок өзү азырынча бул боюнча бир чечимге келе электигин билдирди. Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акун Аскаровду коргоо боюнча комитет түзүп жатканын Аскаров менен жолугушууда айтты.

- Азимжан Аскаровду коргоонун эл аралык комитетин түзүү боюнча кечээ демилге көтөрдүм. Бүгүн ошол демилге үчүн бул адамдан уруксат алууга келгем. Аскаров бүгүн расмий уруксат берди.

Аскаров боюнча чыккан Жогорку Соттун чечимин эл аралык уюмдар жана жергиликтүү адам укугун коргоочулар сынга алып, Аскаров жазыксыз айыпталып жатканын билдиришүүдө. Бирок Жогорку Сот атайын билдирүү таратып, ал дооматтарды четке какты. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев буларды маалымдады:

- Алардын тараткан маалыматында “Жогорку Сот Азимжан Аскаровго жана башкаларга карата мыйзамсыз өкүм чыгарды, адвокаттардын койгон талаптарын уккан жок” деп доомат коюлуп жатат. Бул чындыкка дал келбейт. Себеби Азимжан Аскаровдун күнөөсү тергөөнүн жүрүшүндө, райондук жана облустук сотто далилденген.

Базар-Коргондогу башаламандыкта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары да Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамды окуяга күнөөлүү деп эсептеп келатышат.

XS
SM
MD
LG