Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Күйүп кеткен электр буюму үчүн компенсация берилет


Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан күйүп кеткен электр буюмдары үчүн компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын жетекчиси Нурлан Кайдуев билдирди. Анын айтымында, компенсация алыш үчүн атайын экспертиза жүргүзүлүп, чынында эле энергетиканын күнөөсү бар экени далилдениши керек. Буга чейин мындай учурлар катталганы жана чыгым төлөнүп берилгени айтылууда. Өткөн аптанын ортосунда Бишкекте жана шаар четиндеги конуштарда электр энергиясы бир нече күн бою жок калган учурлар болду. Электр зымдарындагы кубаттуулук бир калыпта келбегендиктен айрымдардын электр буюмдары иштебей калганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG