Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Юлия Тимошенко Харковдогу түрмөгө которулду


Учурда абакта жаткан Украинанын экс-премьер-министри, оппозициялык лидерлердин бири Юлия Тимошенко Киевдеги тергөө абагынан Харковдогу түрмөгө которулду.

"Бул президент Януковичтин Юлия Владимировна Тимошенкого ушул жылдагы белеги болду. Бул Тимошенконун “диктаторго кат” деген кайрылуусуна жооп болду", - дейт Тимошенконун “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Турчынов.

“Азаттыктын” украин кызматы бүгүн таңкы саат бештер чамасында Киевдин Лукяновск СИЗОсунан Юлия Тимошенкону чыгарып кетишкенин кабарлайт. Бул тергөө абагында ал 5 айдан бери кармалып турган. Тимошенкону майыптардын арабасына салып чыгышкан, анын бели ооругандыктан өз алдынча баса албай калган.

Октябр айында Киевдин Печерск соту Тимошенкону 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал украин өкмөтүн жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Эми Тимошенко Харковдогу №54 аялдар абагында жазасын өтөйт.

XS
SM
MD
LG