Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Көк-Жар айылында электр зымдар алмаштырылууда


Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында электр зымдарын жана устундарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты. Кардарларга электр энергиясын жеткирүүчү жабдууну жаңылоо иштерине байланыштуу бүгүн жана эртең Көк-Жар айылында, Төрт-Гүл конушунда эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Декабрдын экинчи жарымында Бишкекте жана шаар четиндеги айрым конуштарда электр энергиясын пайдалануу нормадан 60-70 пайыз өскөндүктөн жабдуунун кубаттулугу чыдабай бир нече күн бою кардарлар жарыксыз, жылуулуксуз калышкан. Нааразы болгондор жол тосушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG