Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Кара-Суунун тоолуу айылдарында карышкыр жок кылынды


Сонку бир жумада Ош облусунун Кара-Суу районунун тоолуу айылдарында мергенчилер 7 карышкыр, 3 чөөнү атып жок кылышты. Бул
тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматынан "Азаттыкка"
билдиришти. Кыштын келиши менен жырткыч жаныбарлар айылдарга түшүп, малга кол салып жаткандыктан, аймакта курамы төрт адамдан турган
атайын мергенчилер тобу түзүлгөн.

Жырткычтар Мады айылдык округунун Лаглан участогунда жана Наримандын Сары-Талаа айылында атылган. Алардын
ок-дарыга, тамак-ашы жана жол акысына кеткен чыгымын жергиликтүү
бийлик төлөп берүүдө. Мындан сырткары мергенчилерге карышкыр, чөөнүн терисин өз керектөөлөрүнө пайдалануусуна уруксат берилген. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG