Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Исламчылар менен теңирчилер тирешүүдө


УКМК диний касташууну козутту деген негизде «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүн түптөгөн Кубанычбек Тезекбаевге кылмыш ишин ачты.

Бирок Тезекбаев мындай айыптоону негизсиз деп атады. Талдоочулар бул окуяны ислам динин тутунгандар менен улуттук салтты артык койгондордун тиреши катары сыпатташууда.


Диний кастыкты кантип козуткан?


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Токталиевдин билдиришинче, «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүнүн негиздөөчүсү Кубанычбек Тезекбаевге диний касташууну козутканы үчүн кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилди:

- 2011-жылдын октябрь айында УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан «Тай тебиш» улуттук спорт оюнунун негиздөөчүсүнө каршы диний кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттери боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына теологиялык экспертиза дайындалган. Бул экспертизанын натыйжасында аталган жарандардын сөздөрүндө диний кастыкты козутууга багытталган аракеттер камтылганы аныкталды.

Анткен менен «Тай тебиштин» түптөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев бул айыптарга негиз жок деп эсептейт. Анын айтымында, ал исламды туура эмес чечмелеп алгандардын кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн жокко чыгарып жатканына гана көңүл буруп келген:

- Аларды эмнеден кемсинтиптирмин? Мен ислам динин жамынып алган мусулман эмес, бузулмандар биздин кыргыз коомун бузуп жатышканын айтып жатам. Мисалы, алар биздин «Манасыбызга» түздөн-түз каршы чыгып жатышат. «Манаста» кадимкидей эле тарбия жок, таалим жок деп айтып жатышат. Руханий жагыбызды бузулган диний сектанттар ээлеп алгандыктан, коомубуз бузулуп жатканын айтканмын.


Тирештин түпкүрүндө эмне бар?



Кубанычбек Тезекбаевдин айтымында ал негиздеген «Тай тебиш» мушташ өнөрүнүн динге эч кандай тиешеси жок. Дал ушул өнөргө кээ бир динчилдер тоскоол болгондон улам айрым пикир келишпестиктер пайда болгон:

- Тай тебиш менен машыккан балдар «улутум кыргыз, рухум Манас» деп ураан чакырышат. Ушул учурда айрым молдолор машыккан балдарды бир-бирден алып барып «сен Манас деп айтат экенсиң, антип айтпа, ал - ширк» деп каршы үгүттөшөт экен. Мен ошондо молдолорго барып каршы чыгып жатканын айтсам, «биздин динде Манас деген жок» деп жооп беришти. Мен диниңерде Манас жок болсо кыргызда бар, аны билбеген адам кыргыз эмес деп айтканмын.

Тезекбаев УКМКнын айыбына макул болбой, өзү да сотко кайрылууга даярданып жаткан экен. Журт ичинде бул окуя кыргыз салттарын жана улуттук дөөлөттөрүн туу туткандар менен ислам динин кармангандарын тиреши катары бааланууда. Себеби, акыркы учурда Кыргызстанда ислам динин тутунгандар менен теңирчилик идеясына берилгендер арасында ажырым көзгө ачык уруна баштады. Мисалы, тенирчиликтин жактоочулары исламдын жайылышын араб маданиятын кыргыз кыртышына кыстап киргизүү катары сындап келишүүдө

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов ислам динин тутунгандарды улуттук салт-санаа, дөөлөттөрдөн баш тарткандар катары сыпаттоо жаңылыштык деп эсептейт:

- Менин оюмча, теңирчилик деп адамдар карманып жаткан нерсе адамдарга дин болуп бере албайт. Бул жөн гана бир ууч адамдардын кызыкчылыгындагы нерсе. Ал эми улуттук менталитетти тутунуу, сыйлоо десе айрым адамдар теңирчи болуш керек деген алешем пикирди карманып алышкан. Бул туура эмес пикир.

Айрым талдоочулар ар кыл диний агымдар арасында пикир келишпестик орун алып жаткан чакта эми теңирчилик менен ислам ортосунда араздашуу арты өлкө коопсуздугун коркунучка такашы мүмкүн деген божомолдорун айтып жатышат.

Көз карандысыз талдоочу Руслан Ташанов мындай пикир келишпестиктерди азыртан жөнгө салбаса, кесепети коркунучтуу болоорун белгилейт:

- Булардын ортосунда ар кандай тирешүү чыгып кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Ошондуктан, теңирчиликти дин катары кармангандар менен салттуу исламды тутунгандардын ортосунда диалог, пикир алмашуу болгондой шарт түзүшүбүз керек.

Диний касташууну козутту деген Кубанычбек Тезекбаевдин үстүнөн сот иши Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда 19-январда башталат деген маалымат бар.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG