Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Түркмөнстан: Президенттик шайлоого 8 талапкер катышат


Түркмөнстанда келерки айда болчу жалпы элдик шайлоодо азыркы президент Гурбангулы Бердимухаммедовго каршы жети атаандаш чыгат кейпи. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жарыялаган тизмедеги жети талапкер түрдүү министрликтердин жана мамлекеттик компаниялардын жетекчилери. Алардын баары тең президент Бердимухаммедовдун саясатын толук колдоорун билдиришкен. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюму Түркмөнстанда саясий атаандаштык жок, сөз эркиндиги чектелген деп, 12-февралдагы президенттик шайлоого өз байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан. Бердимухаммедов 2007-жылы президент Сапармурад Ниязов о дүйнө салгандан бери өлкөнү жетектейт.

XS
SM
MD
LG