Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Ош: Мечиттерде аялдар бөлмөлөрү ачылат


Ош шаарындагы мечиттердин бири.
Ош шаарындагы мечиттердин бири.

Оштогу мечиттерде аялдар сыйына турган кааналар даярдалууда. Бул жайга келген кыз-келиндерге имамдар салттуу исламдын жол-жоболору жана туура намаз окууну үйрөтмөкчү.

Облустук казыят иш-чара аялдарды экстремисттик топторго кирип кетүүсүнүн алдын алаарына үмүт артууда.

Ош облус казысы Ниязалы ажы Ариповдун “Азаттыкка” маалымдашынча, аялдарга таалим берүүчү кааналар шарты бар бардык мечиттерге уюштурулмакчы:

- Чынын айтыш керек биз кыз-келиндерге жакшы көңүл бура албай жатабыз. Алар диний билимди, намаз окунуу кайсы жерден үйрөнүп жатканынан кабарсызбыз. Так ушул өксүктү жоюу үчүн биз ар бир мечитте аялдарга ылайыкташтырылган атайын бир каана ачканы турабыз. Бул жарандардын бирдиктүү диний маалымат алуусуна да жакшы болот. Мечиттеги имам күнүнө ал жерге келген аялдардын суроолоруна жооп берип, салттуу исламга үйрөтөт.

Казыяттын бул иш аракетин аялдардын динге болгон укуктарын пайдаланууга түзгөн шарты катары кабылдагандар да бар. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча өкүлү Курбаналы Узаков мындай дейт:

- Мунун эч кандай зыян жактары жок. Кыргызстандын мыйзам-актыларына да каршы келбейт. Тескерисинче мечиттерде аялдар кааналарынын ачылышы бул жашыруун, же өз алдынча диний билим алып жаткандарга бөгөт коёт деп атабыз. Ошондой эле ар кандай карама-каршылыктардын да алдын алат деген ойлор бар. Ырас, биз баш мыйзамда жана дин туту боюнча мыйзамдарда аял менен эркектин динге болгон укугу бирдей деп жазгандан кийин, бул практика жүзүндө да аткарылып, шарттар жаратылышы керек. Бул ошол нерсенин башталышы болуп жатат.

Мечиттерде аялдар кааналарынын ачылышын кыз-келиндер өздөрү да колдоого алууда. Көп жылдан бери аялдарды диний жактан агартуу жаатында иштеп келе жаткан Жамила Жапашова атайын бөлмөлөрдө кыз-келиндер ибадат кылууну гана эмес, ар кандай тарбиялык сабактарды да алат деп үмүт кылып жаткан экен:

- Башка жакка барып, башка агымдарга кирип кетпестен мечиттерден туура сабак алганга не жетсин. Колдомок тургай, биз муну кубаныч менен кабыл алдык. Мечиттерде атайын бөлмө ачыла турганын угуп, аялдар бири-бирин куттукташып, сүйүнүп жүрүшөт. Ал жерден биз бир эле ибадат кылууну эле эмес, баланы кантип тарбиялоону, кантип туура жашоо керек деген сыяктуу нерселерди да алабыз да эми.

Жапашова ошондой эле бул иш аракет кыз-келиндердин экстремисттик топторго жетеленип кетүүсүнүн алдын алат деп ишенүүдө:

- Ар нерсени айтып, аялдар мечитке аралашпасын деп атып, аларды коомдон сыртта калтырып койдук да. Анан дин бул адамдын рухий азыгы болуп жаткандан кийин алар баары бир дин жөнүндө билгиси келет. Мечитке уруксат жок болгондон кийин, алар өздөрү тапкан жерден маалымат издей башташат. Ошентип олтуруп туура эмес багыттарды тандап, экстремисттик агымдарга кирип кетиши мүмкүн.

Буга чейин диний экстремисттик уюмдар, анын ичинде тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир» кыймылы стратегиясын өзгөртүп, өздөрүнө жалаң кыз-келиндерди тартуу аракеттерин күчөткөндүгү айтылып келген. Адистер соңку аракеттер бул нерсени биротоло токтотото албаса да, ооздуктоого жардам берээрин белгилешүүдө.

Маалым болгондой, Ош облусунда учурда 700дөн ашык мечит бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG