Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Путин: Орусияда эч качан диктатура болбойт


Орусиянын преьмер-министри Владимир Путин Орусия «ачык өлкө» бойдон калат деп айтты. Томскидеги Политехникалык университеттин студенттери менен бүгүнкү жолугушууда ал интернеттеги өзүнө карата сын-пикирлерге түшүнүү менен мамиле кылаарын билдирди:

- Өзүңөр жакшы билесиңер, интернетте отурасыңар, мага кандай сында айтылып жатканы оң көрүнүш. Биз маданий эрежелерди бузбай, одоно сөз сүйлөбөсөк болду. Бирок талкуу жүрүп жатканы абдан жакшы.

Эки мөөнөт президент болгондон кийин өкмөт башына келген Владимир Путин март айында президенттик шайлоого кайра катышканы жатат. Декабрдагы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин Орусияда Путинге каршы сын маанай күч алган.

XS
SM
MD
LG