Жалал-Абад облустук соту бүгүн өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыров боюнча шаардык сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Былтыр 24-октябрда шаардык сот Батыровду өмүр бою эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн толугу бойдон мамлекеттин пайдасына чегерүү чечимин чыгарган болчу. Ал 2010-жылдын май-июн окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыкка айыптуу делген. Батыров чет элдик маалымат каражаттары аркылуу өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. Батыров менен дагы беш киши ар кандай мөөнөттөргө кесилишкен. (YA/RK)