Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Кытайдын Египетте барымтага алынган жумушчулары бошотулду


Бул тууралуу мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттиги кабарлады. Кытайдын Каирдеги элчилигинин маалыматына караганда, барымтадан бошотулган 25 жумушчунун саламаттыгы жакшы.

Египеттин борбордук бөлүгүндөгү Cинай чөлкөмүндө, цемент заводунда иштеген техниктер менен инженерлер 31-январда бедуиндер тарабынан барымтага алынган.

Египеттеги окуяга чейин Судан мамлекетинде Кытайдын жол курулушунда иштеген 29 жумушчусу козголоңчулар тарабынан уурдалып кеткен. Алар алигиче барымтада кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG