Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Жаза аткаруу кызматы: 16-январда абактагы тополоңдо 7 офицер жабыркаган


16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы тополоңдо абактын 6 кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Шиш темир, бычак жана оор нерселер менен урганда денеси кесилип, көк-ала болгон офицерлер доктурларга гана кайрылып, аларга кол салган абактагыларга каршы арыз жазбаганынын себеби офицердик ар намсы катары бааланууда.

Жаза аткаруу кызматынын билдиргенине караганда, айрым маалымат каражаттарынын абак кызматкерлери жабыркаган жок деген маалыматы негизсиз.

16-январда тергөө абагында уруксатсыз буюмдарды алуу үчүн тинтүү жүргүзүлүп, камалгандар тополоң чыгарышкан. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул боюнча парламентте маалымат берип жатып тазалоо иштерин жүргүзүү керектигин, бирок камалгандарды уруп-сабоого жол бербеш керек болчу деп билдирген. Ошол күнкү тополоңдон кийин медициналык жардамга кайрылгандардын саны 7 киши экенин Жаза аткаруу кызматы билдирген. Ал эми акыйкатчынын айтымында, андайлардын саны 34 киши болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG