Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Орусия Сирия боюнча БУУнун резолюциясын четке какты


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин вето коюуга укуктуу мүчөсү болгон Орусия Сириядагы кан төгүүнү токтотууну максат кылган резолюциянын долбоору чет элдик кийлигишүүнү ачык, так четке какпайт деп сынга алды.

Араб лигасы сунуш эткен, Батыш өлкөлөрү колдогон долбоордо Сириянын президенти Башар ал-Асаддан бийлигин тапшыруу талап кылынат. Документ Коопсуздук кеңешинин өткөн түндөгү жыйынында талкууланды. Анда АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон "долбоордо сырттан куралдуу кийлигишүүгө колдоо камтылган эмес" деди. Сирияда бүгүн өкмөттүк аскерлер баш калаа Дамаскта жана Хомс дубанында оппозициячыл күчтөргө каршы чабуулдарын улантып жаткандыгы кабарланууда.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн Сирия боюнча чукул аракеттер керек экендигин мындайча эскертти:

Кан төгүүнү токтотуш үчүн биз зарыл аракеттерди көрүшүбүз керек. Ошондуктан адегенде бардык зомбулук токтошу зарыл, бул саясий элдешүүгө алып келет деп ишенем.

XS
SM
MD
LG