Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Ооган аскерлери коопсуздук үчүн жоопкерчиликти 2013-жылдын ортосунда алат


Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги пресс-конференцияда. 2-февраль, 2012-жыл.
Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги пресс-конференцияда. 2-февраль, 2012-жыл.
Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен уюмга кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынында билдирди.

Бирок НАТО баш катчысы жоопкерчиликтин жергиликтүү күчтөргө баскыч-баскыч менен өтүүсү НАТО Ооганстандагы миссиясын эртерээк, 2013-жылы аяктайт дегенди билгизбесин белгиледи:

- Өткөрүүнү 2014-жылдын соңуна карата аягына чыгаруу үчүн биз, албетте, негизги жоопкерчиликти оогандарга мындан бир аз мурда берүүбүз керек. Ал качан болот, азырынча так билбейбиз.

Расмуссендин айтымында, коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө өткөрүп берүүнү кантип ишке ашыруу боюнча чечимдер НАТОнун быйыл майда Чикагодо болуучу саммитинде кабыл алынат.

Кечээ АКШ коргоо министри Леон Паннета америкалык жана башка чет өлкөлүк күчтөр Ооганстандагы аскерий милдетин 2013-жылдын ортосуна чейин аяктап, андай кийин ооган күчтөрүн машыктырып, кеңеш бере турган көмөкчү ишке өтө баштайт деген үмүт бардыгын айткан.

Француз президенти Николя Саркози апта башында анын өлкөсү Ооганстандагы аскерий милдетти 2013-жылы аяктоону кааларын билдирген.

XS
SM
MD
LG