Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Негиздөөчүсү Абеков камалган "АлиппеТВ" бүгүнтөн тарта эфирин токтотууга мажбур болду


Ушу тапта Бишкектин эски аянтында "Алиппе ТВ" долбоорунун жүздөй кызматкери митингде турушат. Алардын бири, мугалим Адила Кермалиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, "Алиппе ТВнын" негиздөөчүсү Алмаз Абековдун камакка алынганына байланыштуу бүгүнтөн тарта көрсөтүүлөр обого чыкпай калды. Долбоордун иши токтоп турат.

"Алиппе ТВ" инновациялык долбоор катары былтыр иштей баштаган. 1-сентябрдан бери спутник боюнча 57-канал аркылуу күнүнө 9 саат обого чыгып жаткан болчу. Мындан тышкары, Чүйдүн эки мектеби менен күн сайын түз телебайланышка чыгып, сабак өтүп жаткан. Долбоордо 40тай мугалим иштейт.

"Алиппе ТВнын" негиздөөчүсү Алмаз Абеков MegaCom уюлдук байланыш компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп да иштейт. MegaComдо 142 миллион сомду дайынсыз жоготкон коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен ал жана дагы эки киши учурда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында 2 айлык камакта жатышат.

Митингге чыккан мугалимдер Абековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарып берүүнү өтүнүп турушат. (RK)

XS
SM
MD
LG