Ушул күндөрү Бишкекте өлкөнүн түндүк аймагындагы Жогорку окуу жайлардын мугалимдери арасында спартакиада өтүп жатат. Таймашка 22 команда ат салышып, волейбол жана баскетбол оюндары боюнча күч сынашууда. 25-январда башталган спартакиада ушул айдын жетисинде аяктайт. Азырынча таймашта Кыргыз Улуттук университетинин окутуучулары үстөмдүк кылууда. Ушул эле спартакиада өлкөнүн түштүк аймагындагы ЖОЖдор үчүн Ош мамлекеттик университетинде жүрүп жатат. (JAk)