Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Бишкек - Баткен аба каттамы ушул аптада калыбына келет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Avia Traffic компаниясы билдирди. Эми Баткенге ВАе-146 үлгүсүндөгү учак жумасына үч жолу - шаршемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү учат.

Буга чейин Ан-24 үлгүсүндөгү учактар Кыргызстандагы бир нече аба каттамдарынан алынып, Бишкек - Исфана - Бишкек, Бишкек - Баткен - Бишкек жана Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек каттамдары боюнча гана учуп жаткан болчу. Коопсуздук талаптарына жооп бербей калгандыктан, кыргыз өкмөтү 1-январдан тартып Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG