Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Орусияда мушташтан эки кыргыз набыт болду


Сургут шаарындагы отуруштун мезгилинде чыккан чырдан Кыргызстандын жараны Мырза Дүйшеев жана Орусиянын жараны, жалалабаттык 23 жаштагы Мирлан Баймырзаев алган жарааттарынан Сургуттагы оорукананын травматалогия бөлүмүндө көз жумду.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулу Гүлнур Нурматова бүгүн "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Кыргыз кыздар туулган күнүн өткөзүп жаткан кафеде дагестандык жигиттер менен биздин жигиттер мушташып, биздин жигиттер жаракат алган экен.

Консул бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын, сөөктөр эртең Кыргызстанга жөнөтүлөөрүн кошумчалады. JCH/UE

XS
SM
MD
LG