Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Бээжинде Кытай-Евробиримдик саммити өттү


Кытай евромейкиндиктеги карыз кризисин жөнгө салууга жардамдашат. Бул тууралуу бүгүн Бээжинде Кытай жетекчилери менен Европа биримдигинин расмий делегациясынын жолугушуусунда айтылды. Премьер-министр Вен Жибао карызга баткан өлкөлөрдөгү финансылык абалды стабилдештирүүгө Кытай көбүрөөк салым кошооруна убада кылды. Бирок атайын түзүлгөн жардам фондуна инвестиция салынаары жөнүндө сөз болгон жок. Кытай Евробримдиктин негизги экономикалык шериги. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн алдында Moody's рейтинг агенттиги Италия, Испания, Португалия, Мальта, Словения жана Словакиянын кредит көрсөткүчтөрүн ылдыйлатып, Франция, Британия жана Австриянын прогноздорун “начар” деген деңгээлге түшүргөн. Аналитиктер бул - евромейкиндиктеги терс тендециялардын Европа өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген залакасы деп сыпатташат.

XS
SM
MD
LG