Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Косоволук сербдер референдум өткөрүшүүдө


Косовонун түндүгүндө сербдер албандар жетектеген Приштина өкмөтүн таануу же тааныбоо боюнча референдум өткөрүп жатышат. Эки күндүк добуш берүүнүн жыйынтыктары 19-февралда белгилүү болмкочу. Европа биримдиги, Батыш өлкөлөрү жана Белград косоволук сербдерди референдумдан баш тартууга үндөп келишкен. Сербиянын президенти Борис Тажич өнөктүк Белград менен Приштинанын диалогуна салым кошпойт деп айткан. Евробиримдикке кирүүгө далаалаттанган Сербияга Брюссел Косовонун албан жетекчилиги менен мамилелерди жакшыртуу шартын койгон. Косовонун Сербиядан көз карандысыздыгы 4 жыл мурун жарыяланган. Аны Батыштын көпчүлүк өлкөлөрү таанышканы менен, Белград, косоволук сербдер жана Орусия Сербиянын аймагы деп санайт. Түндүк Косоводо 4 миңдей серб жашайт.

XS
SM
MD
LG