Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Бабанов: Документ берүүчү тейлөө борборлорун дагы ачыш керек


Бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкектеги тейлөө борборунда болду. Ал жакка өкмөт башчысы алдын ала айттырбай, күтүүсүздөн барганы жагдайдын болгонун болгондой көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кезекте топтолуп турган адамдар кишинин көптүгүнө нааразы болуп, бул борборго унаа каттабагандыктан жетүү кыйын экенин айтышты.

Өмүрбек Бабанов Бишкекте дагы жок дегенде эки тейлөө борборун ачыш керектигин айтты. Калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууну талап кылды.

Адамдын төрөлгөнүнөн тартып каза болгонуна чейинки жашоосуна байланыштуу талап кылынган документтердин баарын Мамлекеттик каттоо кызматы берет. Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда анын бирден тейлөө борборлору ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG