Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

«Ажыдаарга» айлануунун формуласы


Жапония - Кардар Toyota Motor's компаниясында Corolla Rumion автоунаасын текшерүүдө. (Жапония дүйнөдө ажыдаар деген атка конгон алгачкы өлкө.)
Жапония - Кардар Toyota Motor's компаниясында Corolla Rumion автоунаасын текшерүүдө. (Жапония дүйнөдө ажыдаар деген атка конгон алгачкы өлкө.)

Жаңы жыл алдында Алмазбек Атамбаев "мен президент болуп турганда Кыргызстан «ажыдаарга» айланат", - деп кубандырды.

«Ажыдаар жөнүндө менин айтканым эсиңердеби? Мен тирүү болсом, ажыдаарга Атамбаев эмес, Кыргызстан айлана баштайт, анткени Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай өлкө. Мен биз кичинекей, бирок күчтүү ажыдаарга айланышыбыз керек деп эсептейм» - деди президент, маалымат жыйынга келген журналисттерге кирип келе жаткан ажыдаар жылынын урматына белек таратып жаткансып.

Оозуңа май, айланайын президент, ылайым ошондой болсо кана! Башка эмне демекчибиз. Эскерте кетсек, экономисттер ажыдаар деп жаныбар жана жылдын гана атын эмес, күркүрөп өнүгүп келе жаткан Азиянын бир нече өлкөсүн тергеп айтышат.

Дүйнөдө биринчи болуп «ажыдаар» деген атка Жапония конгон. Бул өлкө экинчи дүйнөлүк согушта таш-талканы чыгып, бирин-экин завод-фабрикасы болсо, анысы да кыйрап, эл ичээрге суусу жок, жээрге наны жок көчөдө калган. 30 жылдын ичинде жарым-жартылай феодалдык өлкө экономиканын өнүгүү деңгээли боюнча АКШ баштаган өнүккөн өлкөлөрдү кууп жетип, ички өнүмү көлөмү боюнча көп жылдар бою АКШдан кийинки экинчи орунду ээлеп жүрүп, жакында эле Кытайга өткөрүп берди. Мен Жапонияга 1991-жылы, Горбачевдун мезгилинде барып, бул өлкөнү өз көзүм менен көрүп келгем. Бир сөз менен айтканда Жапония бейиштин төрү экен.

Андан кийин ажыдаарлардын тизмесине чыгыш-түштүк Азиянын 4 өлкөсү илинген. Булар – Түштүк Корея, Сингапур, Тайван жана Гонконг. Түштүк Корея ички дүң өнүмүн жан башына санаганда биздин бай деген Орусиядан 1,6 эсе көп өндүрөт. Калган үчөө андан бетер. Бул көрсөткүч боюнча Орусия 53-орунду ээлесе, Сингапур Америкадан да ашып түшүп 4-орунду, Тайван – 25 орунду ээлейт.

Буларды биринчи муундагы «ажыдаарлар» дешет. Экинчи муунга ушул эле чөлкөмдүн дагы 4 өлкөсү киргизилген. Атап айтканда – Таиланд, Филиппин, Индонезия жана Малайзия. Булар тигилер сыяктуу чоң көрсөткүчкө жетише элек. Бирок өсүү темпи зор. Азыр булардын катарына Кытай кошулуп отурат.

«Ажыдаар» болууну самабаган кайсы өлкө бар? Алардын баары эле ажыдаарга айланып кеткен жок да. Ажыдаар болуунун сыры эмнеде, аны Атамбаев билип айтып жатабы, же билбей айтып жатабы деген суроо чыкпай койбойт. Атамбаев ушу убакка чейин өзүнүн деталдаштырып иштеп чыккан экономикалык программасын жарыялай элек. Бир жыл мурда ал премьер болордо биздин конституцияга ылайык ал муну жасоого милдеттүү болчу. Убакыт тар болуп жетишпей калдык, кийинчерээк келип жарыялап кетебиз деп кутулган. Ошол бойдон ал убадасын аткарган эмес.

Ошондой болсо да анын айткан сөздөрүнөн, кылган иштеринен өлкөнү кантип ажыдаар кылгысы келип жатканын баамдап билсе болот. Атамбаевдин Кыргызстанды ажыдаарга айлантуу формуласы бул жаратылыш ресурстары + жакшы башкаруу. Экономиканы башкаруу кандай болгондо жакшы болорун өзүнчө, кийинчерээк сөз кылаарбыз. Азыр жататылыш ресурстары жөнүндө айткыбыз келип турат.

Атамбаев Кыргызстанда жаратылыш байлыктары көп деген маалыматты кайдан алганын билбейт экенмин. Эгерде эмоцияга алдырбай, так эсептесек, Кыргызстанда кен байлыктар жетишсиз экенин моюнга алууга туура келет. Биздин кен байлык Орусияга окшоп сатып байымак тургай, өзүбүздүн керектөөбүзгө жетпейт. Жок болгон үчүн биз ушунтип эптеп күн көрүп жатпайбызбы. Ошон үчүн бизде революциянын артынан революция болуп жатпайбы. Президент байбыз деп суу ресурстарын, Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин, Ысык-Көлдүн сыртындагы Сары-Жаз калай кенин, булуң-бурчтагы көмүр кендерин жана алтынды айтып жатышы мүмкүн. Алар чынында эле чоң кен байлыктар. Бирок сууну жакын арада товар деп эч ким сатып албастыгы көрүнүп калбадыбы. Темир, калай жана көмүр кендерин тоо аралатып темир жол салынмайынча казып аларыбызга көз жетпейт.

«Ажыдаар» болуш үчүн сөзсүз эле жаратылыш байлыктары зарыл эмес. Муну «ажыдаарлардын» тажрыйбасы тастыктап отурат. Жапония өз мунайы менен 0,3% , газ менен 3,5% гана камсыз. Бул өлкөдө металл кендери да, жыргаткан токой да жок. Түштүк Кореянын, Тайвандын, Гонкондун, Сингапурдун абалы андан бетер оор. Экинчи муундагы ажыдаарлардын ичинен Индонезия эле болбосо, калган үчөөнүн биринде сатып оокат кылгыдай көп кен байлык жок. Кытай болсо мунайдын импорту боюнча АКШдан кийинки экинчи орунду ээлейт. Ал жыргаганынан бизден металлалом ташып жатыптырбы. Эгер «ажыдаар» болуу кен байлыктарга байланыштуу болсо, Орусия менен Казакстан «ажыдаар» болбойт беле. Алар бизден өйдө жашаганы менен, жогоруда сөз болгон өлкөлөрдөн кыйла төмөн.

Биздин мигранттар иш издеп Орусияга барса, алардын мигранттары ошол өлкөлөрдө жүрөт. Жаратылыш байлыктарына көзкаранды эместик ажыдаар аттулардын маңызын түзгөн нерсе болуп эсептелет. Анан ошол «ажыдаардын» маңызын билбеген адам, Кыргызстанды «ажыдаарга» айланта алабы?

Анын үстүнө жаратылыш байлыктарынын экономикалык өнүгүүгө зыян болчу жагы бар. Жаратылыш ресурстары ыгын билип туура пайдаланбаса экономиканы өнүктүрмөк тургай, тескерисинче, артка тартат. Экономикалык теорияда «ресурс каргышы» деген түшүнүк бар. Кен байлыгы көп өлкө аларды сатуудан түшкөн акчага биринчи кезектеги муктаждыктарын чечип алгандан кийин, ошого канааттанып, шалдырай түшөт. Экономиканын андан ары өнүгүп кетүүсүнө зарыл реформаларга барбай коёт.

Андан тышкары «Голландия оорусу» деген да балакет бар. Экспорттон түшкөн күргүштөгөн акчалар валюта курсун жана эмгек акыны жогорулатып жиберип, калган товарлардын экспорту кымбат болуп чыгат, натыйжада ал тармактар өнүкпөй калат. Ошентип жалпы экономика да өнүкпөйт. Кен байлыгы көп өлкө жакшы болду дегенде Орусия менен Казакстан болот. Болбосо кен байлык ажыдаар эмес, отурган жеринде жылбай катып калганТүркмөнстанга айландырып салышы мүмкүн.

Азырынча ушуну менен токтото туралы. Жапон кереметинин жана “ажыдаарга” айлануунун сыры тууралуу кийинки макалада сөз кылабыз.

XS
SM
MD
LG