Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Латвияда тил боюнча референдум өтүүдө


Латвияда орус тилине экинчи расмий тил деген макам берүү боюнча референдум өтүп жатат. Бюллетендерге "Латвиянын Конституциясына өзгөртүү киргизип, орус тилине расмий деген макамдын берилишин колдойсуңарбы" деген суроо киргизилген. Бул сунуш декабрда парламентте колго салынып, бирок депутаттар ага каршы добуш беришкен. Шайлоочулар да аны колдошпойт деп күтүлүүдө.

Алдын ала жыйынтыктар бүгүн кечинде, ал эми расмий санактар эртең белгилүү болмокчу. Конституцияга алымча-кошумча киргизүү үчүн сунушту добуш берүү укугу бар жарандардын жарымынан көбү колдоого тийиш. Латвиянын президенти Андрис Берзинш өзгөртүүлөргө каршы добуш берүүгө үндөп келди.

Латвияда 2 миллиондой калктын үчтөн бир бөлүгүн орустар түзүшөт. Орус тилин жактагандардын айтымында, орус тилине расмий деген макам берүү диксриминацияга чекит коймокчу:

- Орус тили расмий болуп калса, бул жактагы орустар өздөрүн жакшыраак сезип калышат эле. Себеби орустар, кээ бирлер андайды каалашса да, Латвиядан жок болуп кетишпейт. Биз көппүз да, кайда кетебиз?

Бирок сунушка каршы болгондор латыш тилин эгемендүүлүктүн белгиси катары мүнөздөшөт.

Дүйнөдө латышча 1,2 миллион киши сүйлөсө, орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 120 миллионго жетет.

СССРдин жарандары өлкө ыдырагандан кийин Латвиянын жарандыгын автоматтык түрдө ала алган эмес. Алар арыз берип, тил сынагынан өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG