Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Обама менен Карзай Ооганстанда бейкуттукту орнотууну талкуулашты


Дүйшөмбүдө АКШ президенти Барак Обама ооган президенти Хамид Карзай менен Ооганстанда тынчтыкты орнотууга байланышкан маселелерди телефон аркылуу талкуулады.

Ак үйдүн маалыматында эки тараптуу баарлашууда өткөн аптада Исламабад шаарында болгон Пакистан, Иран, Ооганстандын лидерлери катышкан жыйын тууралуу дагы сөз болду.

Өткөн жумада президент Хамид Карзай Wall Street Journal гезитине берген маегинде АКШнын катышуусунда ооган бийликтери талиптер менен сүйлөшүү жүргүзүүсүн айткан. Ага улай талиптердин өкүлчүлүгү мындай сүйлөшүүлөр болбогондугун айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG