Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Бишкекте үйүнө телефон койдурууну каалагандар азайууда


Бишкекте үйүнө шаардык телефон койдурууну каалагандардын саны азайып баратат. Бул тууралуу шаар мэриясында өткөн жыйында Бишкектеги телефон станциясынын жетекчиси Александр Дя билдирди. Анын айтымында, үйүнө интернет байланышын киргизүүнү каалаган кардарлар көбөйүп барат. Үй телефонун орнотууну каалагандардын азайыш себебин адистер шаар калкынын дээрлик көпчүлүгүндө мобилдик телефондун болушун аташууда. Учурда Бишкекте үй телефонун пайдалангандардын саны 6993 абонент. "Кыргызтелекомдон" "Азаттыкка" билдиришкендей, үйгө телефон койдуруунун акысы 3400-4000 сомго айланат, ай сайын төлөнүүчү абоненттик акы 70 сомдун тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG