Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Бишкек, Ош аэропортторунун кызматкерлери жаңыланат


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов он күндүн ичинде Бишкек-Ош аэропортторунун чек ара, бажы жана тартип коргоо тармагында иштеген бардык жетекчилери менен кызматкерлерин жаңылоо боюнча чечим кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бабанов мындай чечимин күч түзүмдөрү менен бүгүн өткөргөн жыйында ачыктап, тиешелүү тармактарга тапшырма берди. Премьер-министрдин бул чечимине аэропорттогу тыйылбай жаткан коррупциялык аракеттер себеп болгон. Эгер бир ай ичинде коррупция жоюлбаса аэропорттордун жаңы алынган кызматкерлери да иштен бошотулмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG