Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Өзбекстанда мечиттерге видео-камералар орнотулууда


Жумурияттын чыгышындагы Наманган шаарында бийликтер 30 жакын мечитке көзөмөл камераларын орнотушканын бизге жергиликтүү угармандарыбыз кабарлашты. Бул кабарды кийинчерээк “Азаттыкка” Намангандагы эң чоң мечиттин атын атагысы келбеген расмий өкүлү да ырастады. Анын айтымында, камералар мечитке келгендерди уурулардан коргош үчүн коюлду. Видео-камера орнотуу иши кимдин тапшырмасы менен жасалып жатканын ал тактаган жок.
Бул аймакта мечиттерге намаз окуганы каттаган эл соңку жараянга нааразылык билдирип, муну диний эркиндикке каршы жасалган дагы бир аракет катары сыпаттап жатышканы айтылууда. Фергана өрөөнүндө жайгашкан Наманган шаары өлкөдө динге катуу берилген аймак катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG