Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Ак-Талаа: шайлоого 162 талапкер катышууда


Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа райондук шайлоо участкасынын төрагасы Талантбек Турусбековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, 4 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого 162 талапкер катышууда. Алардын 51ин шайлоочулар тобу, 84ү өзүн өзү көрсөткөн. Саясий партиялардан 27 адам чыккан.

Жерге-Тал айылдык кеңешке 32, Коңорчокко 25, Терекке 26 талапкер, ал эми Баетов айылдык кеңешке 79 талапкер катышууда. Баетов айылдык кеңешине 21 депутат, калган 3 айылдык кеңешке 11 депутат шайланышы керек.

Турусбековдун билдиришинче, саат 10го карата 880ге жакын шайлоочу добуш берди. Шайлоочулардын жалпы саны 9900гө чамалайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG