Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Асадды биринчи чоң чиновник таштай качты


БУУнун гуманитардык иштер боюнча башчысы Валери Амостун Сириядагы сапарынан кадрлар. 7-март, 2012.
БУУнун гуманитардык иштер боюнча башчысы Валери Амостун Сириядагы сапарынан кадрлар. 7-март, 2012.

Улуттар Уюму менен Араб Лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан Сириядагы кырдаалды күчкө таянып жөндөө өтө кооптуу экенин эскертти.

Президент Асаддын режимине каршы көтөрүлүштүн очогу-Хомсто болгон БУУнун гуманитардык миссиясынын башчысы Валери Амос шаардын айрым бөлүгү артиллериялык аткылоолордон аябай кыйраганын билдирди. Бу тушта Сириянын мунай өнөр жай министринин орун басары кызматын таштап,: козголоңчуларга кошулуп кетти.
Бул жерде жарандык согуш чыгып кетишине мүмкүнчүлүктөр бар.
Леон Панетта
Президент Башар Асаддын режимине каршы козголуш башталгандан бир жылдан кийин анын командасында биринчи качкын пайда болду. Шаршемби күнү Сириянын мунай өнөр жай министринин орун басары Абдо Хусамеддин YouTube-да жарыяланган видеотасмада кызматтан кетип, “адилитсиздикке жана бийлик жүргүзгөн булоонго каршы күрөшкөн ыңкылапчыл элге кошулганын” билдирди.
Сирия өкмөтү бул боюнча ырасмий билдирүү жасай элек.
Былтыр Ливия лидери Муаммар Каддафинин кыйрашы да министрлер менен элчилердин каршы тарапка өтүүсү менен башталган.

Шаршемби күнү БУУнун гуманитардык миссиясынын башчысы Валери Амос президент Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүштүн очогу- Хомс шаарында болду. Амос айымдын айтышынча, шаардын жумалап тынбай аткыланган бөлүгү катуу зыян тарткан. Ал эми Баба-Амр районунда, Амостун сөзүнө караганда, тирүү жан жоктой сезилет.

Оппозиция дембе-дем аткылоодон жүздөгөн адамдар өлгөнүн, өткөн жума күнү армия Баба Амр районун ээлегенден кийин элди аёосуз кырганын айтууда.

Улуттар Уюмунун эсебинче, Асаддын режимине каршы эл көтөрүлгөндөн бери 7,5 миңдей адамдын өмүрү зобун болду жана өлгөндөрдүн көбү карапайым адамдар.

Сириядагы кырдаалды күч колдонуп жөндөө опурталдуу экенин Улуттар Уюму менен Араб Лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан бейшемби күнү Каирде кабарчылар менен кездешүүдө эскертти.

- Бул жагдайда эч ким күч колдонуу жөнүндө олуттуу ойлонуп жаткан жок деп үмүтөнөм. Аскер колдонуу абалды ого бетер начарлатат деп эсептейм. Биз апааттан жаман жагдайды алып келчү дарыны колдонуудан этият болушубуз керек.

БУУнун мурдагы башкатчысы Кофи Аннан жекшемби күнү Дамаскиде Сириянын жетекчилиги менен жолугушууга тийиш.

Шаршемби күнү АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө Асаддын режиминин адам укуктарын бузуусу “жетер чегине жеткенин”, Вашингтон жана союздаштары оппозицияга өз ара тыкыс иштешүүсүнө жардамдашууга аракеттенип жатканын белгиледи.

АКШнын Коргоо министри Леон Панетта 7-мартта Сенаттын аскерий комитетинде болгон талкууда Сириядагы кырдаалды жөндөө боюнча конкреттүү сунуш жок экенин, абалга аскерий кийлигишүүгө каршы турганын айтты:

- Бул жерде жарандык согуш чыгып кетишине мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай шартта түз тышкы кийлигишүү жарандык согуштун алдын албайт. Абалды дагы жаман кылат.

Панетта президент Обаманын администрациясы Сириядагы кризисти дипломаттык жол менен жөндөгөндү туура көрөрүнө токтолду.

Москва болсо Ливияны Асаддын өкмөтүнө каршы күрөшкөн козголоңчулар машыккандай база ачып берди деп күнөөлөдү. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сүйлөп, Ливияда “сириялык ыңкылапчыларды даярдоочу атайын борбор” бар экенин, бул “Жакынкы Чыгыштагы стабилдүүлктү сактоого доо кетирерин” айтты.

Бейшемби күнү Түркиянын президенти Абдулла Гүл да Анкара коңшулаш Сириядагы кризисти тынчтык жолу менен гана жөндөөнү колдоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG