Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Министр Шадиев кызматынан убактылуу четтетилди


Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов Аскарбек Шадиевдин арызын канааттандыруу менен Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши тергелип жаткан учурда анын кызматынан убактылуу четтетти. Ушундай эле чара министрдин орун басары Кайрат Жумалиевге да колдонулду. Энергетика жана өнөр-жай министринин милдетин аткаруу орун басарлардын бири Автандил Калмаматовго жүктөлдү.

Кыргызстанга Казакстандан радиациялуу көмүрдүн келүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кечээ Башкы прокуратура энергетика министри Аскарбек Шадиевге жана анын орун басарына айып тагылганын жарыялган.

Бул иш боюнча буга чейин төрт адамга: “Кыргыз темир жол” ишканасынын эки дарыгерине, Бажы кызматынын эки өкүлүнө айып тагылып, алардын иши сотто карала баштаган болчу.

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту ишти кайра тергөөгө жиберүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады. Тергөөнү кайра жүргүзүү өтүнүчү менен кечээ сотко аталган иш боюнча айыпталган төрт соттолуучунун бири кайрылган.
(UE)

XS
SM
MD
LG