Апта ичиндеги Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы окуялардан көз ирмемдер.
Апта-маанай (12-18-март)

1
АКШнын коргоо министри Леон Панетта 13-мартта Кыргызстанга келип, кыргыз жетекчилиги менен Транзиттик борбор, регионалдык коопсуздукка байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

2
Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы “республикачыл” депутат Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алууга макул болду.

3
15-мартта Ошто КМШ аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана башка коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун аскердик машыгуусу өттү.

4
17-мартта Аксы окуясына он жыл толуп, бул күн мамлекеттик деңгээлде эскерилди.

5
14-мартта Ошто "Улуттар биримдигинин" тарапкерлери митингге чыкты. Митингчилер үч участокто кайра шайлоо өткөрүү жана "Улуттар биримдиги" партиясына шаар кеңештен 23 орун берилсин деген талаптарын айтышты.

6
Казакстандын Кулан кенинен радиациялуу көмүрдүн келиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге 13-мартта айып тагылды.