Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Кара-Сууда өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн жалмады


Ушул түнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынын Медресе көчөсүндө жайгашкан үйдө өрт чыкты. Тилсиз жоо үйдүн эсси, 1936-жылы туулган К.Баитовдун өмүрүн жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ал түтүнгө ууланып өлдү. Кырсык тиричилик электр шаймандарын пайдаланууда коопсуздук эрежесинин сакталбаганынан чыкканы айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов быйыл январ-февралда Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгында 13 адамдын өмүрү кыйылганын, алардын бешөө өспүрүмдөр экенин кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG