Швециянын жараны Эдже Лундгрендин атынан Оштогу балдар ооруканасына жеке белек катары тартуулана турган заманбап тез жардам унаасы келатат. Унаа Швециянын Халмстад шаарынан 20-мартта чыкты. Май айынын орто ченинде келип калат деп болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 2010-жылдагы трагедиядан кийин элге жардам тартуу боюнча Германиядагы кыргыз элчилигинин ишинин алкагында бул жардам уюштурулууда. (RK)